Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди МОМБЕКОВ: ЖК депутаты: “Транспорт министрлиги коррупцияга белчеден батты”

Рыскелди МОМБЕКОВ: ЖК депутаты: “Транспорт министрлиги коррупцияга белчеден батты”

25-октябрь, 19:24
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, Тараз--Талас--Суусамыр жолуна байланышкан чыр боюнча эмне айта аласыз?

-- Тараз--Талас--Суусамыр жолунун 3-фазасын утуп алган “Чакыр-Япы” деген түрк фирмасы бир эле ал жолду эмес, Ош--Баткен--Исфана жолун да утуп алган. Былтыр билинди, ал Ташкенттин соту тарабынан эл аралык издөө жарыяланган Эртугрул аттуу эргулдун фирмасы экен. Бул фирманын бир дагы техникасы жок. Айланууда канча акчасы бар экени да белгисиз. Ошол кезде Акүйдө отурган жетекчилердин жардамы менен чоң тендерди утуп алган. Маселен, Тараз--Талас--Суусамыр жолун куруу боюнча тендерди мен билгенден 17 млн. долларга утуп алган болсо, 5 миллионун алып туруп эле 12 млн. долларын жергиликтүү компанияга берип атат, өзү бир иш бүтүрбөй туруп. Бирок, жергиликтүү компания аз каражатка ошол жолду бүтүрсө, акчасын төлөп бербей кууратып атат. Зарылбек Рысалиев тармактык комитетте маселе көтөрүп, 739 миң долларга жумуштун көлөмүн көбөйтүп алышканы боюнча кылмыш иши козголгон. Эски асфальттын астынан 40 см эски катмар алынып, жаңы катмар салынышы керек болсо, булар эски асфальттын үстүнө эле салып кетишкен. Кылмыш иши козголгондон кийин башкы подрядчик качып, жолчырактарды орнотууга жумшалчу 1 млн. 600 миң доллар акыркы транш акчасы бар болчу, ал алынбай калды. Банк “алгыла, өздөштүргүлө” деп эки жыл күттү. Быйыл 19-июлда мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу банк каржылоону токтотту. 1 млн. 600 миң доллар деген бул 100 млн. сом да! Аны менен айыл ичинде он чакырым жол бүтүрсө болот. Жолдун курулушун түздөн-түз көзөмөлдөгөн киши, транспорт министринин орун басары азыр башка кызматта отурат. Анын шалаакылыгынан жол бүтпөй калды, ал болсо эч нерсе болбогондой отурат. 1 млн. 600 млн. доллар – бул мамлекетке келтирилген зыян да. Кылмыш ишин козгош керек болчу. Ошону айтсам, “жол бүткөн” деп атышпайбы. Жок, жол бүткөн жок. Коррупцияга белчеден батышты...

-- 2017-жылы бүтүш керек беле?

-- Ооба, 2017-жылы августта бүтүшү керек болчу. Эки жылдан бери бүткөн жок. Кечээ Көчмөндөр оюндары болор алдында президент барганда көрүп койбосун (!) деп ДЭУлардын жумушчуларын чыгарып, айрым жерлерин өз күчү менен бүтүрүштү. Ал мыйзамсыз да. Тендерди уткан компания менен бүткөрүш керек болчу. Үчүнчү фазасы кабыл алынышы керек эле, ал кабыл алынбагандыгына байланыштуу 4-фазасына акча бөлүнбөйт. Таластан Таразга чейинки эң стратегиялык 95 чакырым жол токтоп калды, минтранстагы жетекчилердин жемкорлугунун айынан. 

-- Сиз “бүтө элек” дейсиз, транспорт министри “99 пайыз бүттү” дейт, кимиңиздерге ишенсек болот?

-- Жок, 99 пайыз бүткөн жок. 1 млн. 600 миң доллар алынбаса, анда ошого тете иш бүткөн жок да. Булар өздөрүнүн базасын келишим боюнча бала бакчага өткөрүп беришмек. Ал өткөзүлгөн жок. Жолдун эки четине 30 чакырым тротурар салышмак. Салынган жок. “Иш жүрүп атат” дейт. Эй, мен Таласка байма-бай барып келип атам да. Жамандык-жакшылыкка каттап атам. Анан жолду көрөм да. Тротуар жасалган эмес. Ошол жердеги №19 ДЭУга да чалып сурадым. “Иштеп атасыңарбы?” десем, “жок, ал биздин иш эмес да. “Кыргызжолкурулуштуку”  дешти. “Кыргызжолкурулуштан” сурасам, “Чакыр Эптиден” акчабызды алалбай жатабыз” дешет. “Чакыр Эптидегилер” болсо “биздин банкты жаап койду” дейт. Министр болсо бул жерде отуруп алып, “иш жүрүп атат” дейт. Бирок, акырында айтты, “туура, иш жүрбөптүр” деди. Моюнга албадыбы! 

Башкы подрядчик качып кеткен. Кыргызстандан эки чоң тендерди утуп алып, эки компанияга берип коюп, ортомчулук кылып эле бир иш кылбай 10 млн. долларды алган. Бүгүн Ош--Баткен--Исфана жолу да бүткөн жок, Тараз--Талас--Суусамыр жолу да бүткөн жок. Эртугрулду кармап, камашты, бирок, мен уккан айрым маалыматтар боюнча 400 млн доллар берип чыгып кетиптир. 


Аттокур ЖУМАЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер