“Кемпирабадчылардын” чабуулга алганын Камчыбек Ташиев тоготпой калдыбы?


Эл ичинде Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Шакиев жана 75 аксакалга байланыштуу соттук процесс талкууга алынып аткан кез. Ар кыл божомолдор козуп баратат. Мындай шартта маал-маалы менен “кемпирабадчылар” копшолушуп, Камчыбек Ташиевди баш, калгандарын төш кылышып, сындашып, маалыматтык чабуулга алган кездери. Жыйынтыгы кандай болот? Саясый күрөш чыңалуудабы? Ооба, бул жагынан кызык оюндар уланууда. Негизи Камчыбек Ташиев барган сайын чыйралып, “кемпирабадчылардын” атака койгонун тоготпой, чымын чакканчалык да көрбөй калдыбы? Мындай шартта бийлик башка ыкманы колдонуп, жаңыча күрөшүүнүн жолун тапса болобу? Баягы эле “эски пластинка” айлана берсе, кызыгы деле тарайт экен. Бир беткей эле урдум-соктум менен кете беришсе, тескерисинче, каршылаштарынын беделдерин көтөрүп алышпайбы? Эл баарын карап турат, таразалап атпайбы...











