Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адинайдын атасы: “Кызымдын блокнотко жазгандарын окуп алып, боздоп ыйладык”

Адинайдын атасы: “Кызымдын блокнотко жазгандарын окуп алып, боздоп ыйладык”

05-август, 20:31
4 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убактылуу стационарда каза болгон Адинай Мырзабекованын атасы Замир мырза кызын эскерди:

 “2-август күнү Адинай кызыбыздын туулган күнү эле. 22 жашка толмок. Жеке буюмдарынын ичинде бир блокно́т бар экен. Ошол блокнотко жашоо, өмүр жөнүндө ойлорун жазып, анан ал ойлорду уюлдук телефонуна жаздырып коюптур. Ар бир сөзүн угуп алып ыйладык. Кечээ чогуу окуган курсташтары келди. Алар Адинайды эскеришсе, жашыбыз токтогон жок. Окуу жайдын ректору келип, “Адинай окуу жайыбызга алып калабыз деген кадрлардын бири болчу. Мыкты студентибиз деп документтерин даярдатып жүрчүбүз” деп ыйлады.

Обсервацияда чогуу иштегендери келип, көп нерселерди айтышса, ушундай жүрөгүбүз жанчылды… Коргончу кийим менен 11 саат бир тамчы суу ууртабай кызыл зонада иштөө… бул дарыгерлер үчүн кандай азап болгонун элестетип аябай жаман болдук. Ушунчалык тердегенден, респиратордун ичине толгон терди жутуп жүрө беришчү экен. 11 саат дааратканага барбай иштегенден, сууну көп ичпей, сактанышчу тура. Кызыл зонадан чарчап чыккандан кийин кийимдерин чечип, муздак душка түшүп, суудан ичип эле тамак ичкенге шаймандары келбей уктап калышчу экен. Эс алып эле кайра иштеш керек да.

Адинай чогуу иштегендерди аяп, көп учурда “сен отура тур. Мен барып бейтаптарга укол сайып, текшерип келем. Бир бейтап аябай кыйналып жатат, карап келейинчи” деп ар бир бейтап менен баарлашып, өмүр сакчылык милдетин аткарыптыр. “Чуркап эле иштеп жүргөнүн көрүп. Биз да аябай таңкалып, келечекте мыкты дарыгер болот экен деп койчубуз” деп эскеришти.

Ушундай кыйналганынын бирин да бизге айткан жок эле. “Дагы калып иштейм, дарыгерлер жок болуп жатат. Бейтаптар көп” деп чалган. Биз эс ал деп, эч макул болгон жок элек. Көрсө, ал дарыгерлер жок, дагы 15 күн иштейм деп эчак эле кол коюп берип койгон экен. Адинай өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактайм деген чечимди кабыл алганы – анын эрдиги. 

Төрт кызым бар. Адинай экинчи кызым. Элдин башына кыйын күн түшкөндө карап турбастан өз милдетин аткаргандыгын кабыл алууда да… орду толбой турган жоготууну кабыл алуу ата менен энеге өтө оор. Кардиохирург, нейрохирург болом деген кыялдары калды, “атамдын жүрөгүн айыктырам деген үмүтү калды, сиңдиси Жанэлди медик кылам деген тилеги калды. Адинай 21 жаш гана жашады. Ошол тырнактай жүрөгү “адам өмүрүн сактайм!” деп токтоду. Эч бир жан баласын жоготпосун. Эч ким оорубасын. Элибиз аман болсун… Айта турган сөз ушул” деп Адинайдын атасы Замир мырза эскерүү жазды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер