Турмушка чыкканыма үч ай болгондо жолдошумдан ажырап...
Турмушка чыкканыма 6 ай болду. Аттиң, бирок жалгызмын. Күйөөм Нурдан экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бирок акыркы күндөрү менден өзүн ала качып, сүйлөшүүдөн да качып, качан кабарлашпайын көңүлү чөгүңкү экенин байкачу болдум. Бир күнү “башканы таап алдың да, ачык эле айтпайсыңбы?” деп таарынычымды айттым. Жолугушууга чакырды. Мурдагыдан башкача жакындыгыбызды, бири-бирибизге болгон сүйүүнү сездим. Мурда эле ооруп жүргөнүн билчүмүн. Бирок бүгүн андан да оор кабарды угузду.
“Анализдерим оңолбой жатат. Ичер суум канча калганы белгисиз. Сени да азапка салбайын, өз жолуңду тап” деди. Шылкыйып көпкө отурдук. Жашоодогу эң жакын адамымды мындай абалда кантип таштап кетем?.. “Кантип ушул сөздү айтып жатасың? Мен сени канчалык жакшы көрөрүмдү билбейт турбайсыңбы! Сенин жүрөгүңдүн акыркы кагышына чейин жаныңда болом!” дедим.
Экөөбүз баш кошмой болдук. Апасы мени тойдун алдында чакырып алып, Нурдандын рак дартына чалдыкканын, аны алып калууга колунан келген баардык аракетин жасап жатканын айтты.
Биз аз гана бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Нурдан бактылуу болгусу келди. Жашагысы келди. Мага өзүн бактылуу болгонун көрсөткүсү келди. Бирок биз баш кошкондон кийин үч ай убакыт өтпөй үзүлүп кетти. Бир жылдай кайненемдин жанында болууну чечтим. Нурдандын балалык кезиндеги сүрөттөрүнө тигилем. Негедир түнү бою мен ыйлап жатканда ал жанымда карап тургандай сезимде болом. Бул менин тагдырым экен.
Сезим
"Азия Ньюс" гезити