Кеңешбек Дүйшөбаев: “Азыр биз уюштуруу иштери, офис ачуу жагын чечип жатабыз”

-- Кеңешбек ага, “Бириккен демократиялык кыймылга” (БДК) киребиз дегендерге бийлик тарабынан кысым болуп аткан сыяктуу, ушу боюнча кабарыңыз барбы? Түзмө-түз кире тургандар каякка, кимге кайрылса болот?
-- БДК бүгүнкү күндө бийликке ачык сын айткан, болуп аткан окуяларга, саясый процесстерге, экономикалык, социалдык көйгөйлөргө өзүнүн көз карашын, позициясын так билдирген жалгыз оппозициялык күч экенине коомчулук кыска убакыттын ичинде ынанды. Өткөргөн “тегерек үстөлдөрдүн” жыйынтыктары, резолюциялары, резонанстуу иштер, окуялар боюнча билдирүүлөрү элдин кызыкчылыгын арттырып, коомчулук тарабынан колдоого алынып жатканына өзүңүздөр күбөсүздөр. Көп мекендештерибиз, айрыкча жаштар биздин кыймылга келип кирип жатышат. Бул процессти көргөндөн кийин бийлик тарабынан, өзгөчө күч структуралары тарабынан басым болуп жатканы факт. Өзгөчө БДК лидерлери Талас жергесине барып, ал жактагы ар бир райондон келген активисттер менен жолугуп, азыркы акбалды, кыймылдын максатын, келечегин талкуулап, жергиликтүү уюмун түзгөндөн кийин күчөдү. Биз мындай болорун алдын ала билгенбиз жана күткөнбүз. Бирок, бул нерселер биздин мизибизди майтара албайт. Азыр биз уюштуруу иштери, офис ачуу маселелерин чечип жатабыз. Кайда, кимге кайрылуу керек экендигин жакында коомчулукка ачык айтабыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити