Акыркы кабарлар
» Саясат » Бектур Асановдун тобу шайлоодо таасир жаратабы? Саясый оюндар башталса...
Бектур Асановдун тобу шайлоодо таасир жаратабы? Саясый оюндар башталса...
21-сентябрь, 20:19


Саясатчы Бектур Асанов баштаган топтун жанданганы каңкууланды. Булар бийликке кошомат кылбай эркин болууну көздөгөндөр экен... Дээрлик калыс пикир айтууга, демократияны жактоого кызыкдар болуп жатышса, анда президенттик шайлоодо оппозициячыл талапкерди колдошобу? Жакында аламанга кимдер аттанганы ачыкталса, ошого жараша сүйлөшүүлөр, саясый комбинациялар жүрүп, натыйжада, бийликке жетүүнү көздөгөн күчтөрдүн жик-жикке түшкөнүн баамдайбыз. Ушул багытта Бектур Асановдун тобу курчтугун көрсөтүп, реалдуу таасир жарата алабы? Кызык жагдай жаралууда. Эң оболу, коомдук пикирди кимдер жетелей алса, элдин агымы да ошол тарапка бурулат эмеспи, туурабы?











