Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус абактарды да аралап жүрөт

Коронавирус абактарды да аралап жүрөт

20-май, 14:41
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№27 колониянын дагы үч кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин №27 колониянын төрт кызматкери коронавирус жуктурганы айтылган.

“№27 колониянын кызматкерлеринен коронавирус аныкталган соң, биз баардык байланышта болгон адамдарды текшерүүдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгында дагы үч кызматкерден коронавирус аныкталды. Учурда илдетке кабылгандардын баардыгы көзөмөлгө алынып, дарылоодон өтүүдө” деп билдирди башкы санитардык дарыгер.

Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270ти түзөт. Алардын ичинен 910 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер