Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Семетей Талас уулу: «Бюджетти көзөмөлдөгөн адам күмөн туудурат»

Семетей Талас уулу: «Бюджетти көзөмөлдөгөн адам күмөн туудурат»

28-октябрь, 14:21
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамлекеттик бажы кызматына Адилет Кубанычбеков төрага болуп  дайындалды, анын «Silk Way» соода-логистикалык борбору жана башка дагы компаниялары бар экени айтылууда, бул жагдай күмөндүү ойлорду жаратып жаткандай...

-- Бажы кызматына келген Адилет Кубанычбековдун биринчиден, мамлекеттик кызматта иштөө стажысы жетпейт экен. Экинчиден, бажы кызматы менен тыгыз иштеше турган «Silk Way» соода-логистикалык борборун мурда жетектептир. Фирмалары дагы кийин түзүлүп, жалаң бажы тармагы аркылуу иштеше турган ишканалар экен. Мындан улам «ал өзүнүн компанияларын лобби кылбайбы?» деген суроо жаралат. Бюджеттин негизги бөлүгүн берүүчү органга ушундай күмөндүү ойду жараткан адамдын келиши кооптондурат. Дагы бир жагдай бар: Адилет Кубанычбековдун досторун изилдеп келсек, аны кызматка коюп жаткандардын балдары менен достук мамилеси бар экени чыгып калышы мүмкүн. Албетте, бул азырынча такталбаган маалымат, бирок жакын арада ачыкка чыгат болуш керек. 

-- Алдын ала эле шектенүүлөрдү жараткан кадр бажы тармагындагы ачыктыкты кантип камсыз кылышы мүмкүнбү?

-- Акылбек Жапаров бажыдагы көмүскөгө кетип жаткан акчаларды бюджетке түшүрүү аркылуу казынаны толтуруу пландарын айтып жатпайбы, бирок булар бир нерсени эске албай жатышат. Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) бизден кийин киргенине карабастан Бажы биримдигине кирип жатканда ДСУдагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Кытайдан чыккан миңдеген товарларды   жеңилдетилген бажы алымдары менен алып өтүү келишимине жетише алган. Буга ылайык, биздеги ири фирмалар Казакстанга кетип калган. Биздин бажычылар болсо Кыргызстанга уюмдун мүчөсү катары каралган жеңилдиктерди өздөрүнүн чөнтөгүнө салып, мамлекетке жетишерлик каражат түшпөй, товар ташыган чоң компаниялар банкротко учурап, кошуна мамлекеттерге чыгып кетишкен. Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө ошол көйгөйдү коргоп чыга алабы? Маселе ушунда. Бул биринчиси. Экинчиден, мурда Кытайдан келатканда товарлардын эки документи чыкчу («инвойс» деп коёт), бирөөсүндө чыныгы баалар, экинчисинде компания каалагандай сандарды жазып беришет. Контрабанда ушинтип башталган. Ушундай көз боёмочулуктар канчалык деңгээлде ачыкка чыгарын көрө жатарбыз. Эгер бул схема бузулбаса, товарлардын Казакстан аркылуу келиши улана бериши ыктымал. Чындыгында Кытайдан чыккан товардын 75 пайызы Казакстан аркылуу өтчү, азыр ал товарлар Россияга кетип жатат. Беш пайызга жетпегени эле Кыргызстан аркылуу жүгүртүлөт. Бул жерде казактардын бажыканасындагы коррупция туурасында айтылууда, ошол эле Россиянын түздөн-түз тийешеси бар, чогуу эле жеп жатышат. Эми ушуну Акылбек Жапаровдун ЕАЭБдин жыйындарында көтөрүп чыгууга чама-чаркы жетеби? Ал эми азыркы бажыга келген кадр менен канчалык деңгээлде мамлекетке акча түшөрүн убакыт көрсөтөт. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер