Дөөпөрөстөнгөн Чолпонбек Абыкеев президентке кантип кеңешчи болуп отурат?


Чоң талкуу эсибизде... Алтын коробкада кашкайып турса, “балмуздак” деп тантырап, Чолпонбек Абыкеев жамы журтка уят болгон. Караңгылыктын, кошомат кылуунун чегин билбейби? “Эл жазуучусу” жеткен сабатсыз, бир “көрпенде” экенин ошентип далилдеген. Кызык, андан бери тынчып отуруп калбай, Тажикстан боюнча пост жазып, дагы сандырактап, “малекет” деп урдурду. Түк түшүнбөйсүң. Чолпонбек Абыкеев президентке кеңешчи имиш. Бир нерсе жазса дайыма чалынат. Сүйлөмдү тыңдап, катасыз түзө албайт. Анан дымактуулугун айт, өйдөдөн оозанып, өзүн бийик көрсөткүсү келет. Бирок ичи тайыз, билимсиз, дөөпөрөстөнгөнүчү? Ушуну кантип президент кеңешчи кылып кармап келатат? Коомчулук да мындан тажады. Пенсияга кетирбейби? Карыганда калжаңдабай, тынч жатса не? Сергек жаштарды кыжырдантып, бир эсе күлкүгө калгандан уялбайбы? Жер катуу да...
"Азия Ньюс" гезити











