Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев №47 түрмөдө курорттогудай эле жашап жатыптыр

Атамбаев №47 түрмөдө курорттогудай эле жашап жатыптыр

10-январь, 21:43
1 707 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын камагынан №47 түрмөгө которулганы Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезе баштаганы ырасталды. Ал жакта дарыланууга жакшы шарт каралганы, камерасы таза, кенен, о.э. душ, туалети өзүнчө жайгашып, жашаганга ыңгайлуу экени айтылат. Ал каалагандай сейилдеп, адамдар менен эркин баарлашууга чыга аларын да жашырган эмес. Тамак-аш, жер-жемиштер арбын келип турары, дары-дармектен кем-карч болбогонун да эшиттик. Баса, Атамбаев: “Текебаев убагында бул жерде “закрывашкада” (жабык жайда) жамынып отурса, мен эл менен аралашып жүрөм. Садыр Жапаров менин душмандарымды согуп атат...” деп бир топ саясатчылардын фамилияларын атаптыр. Айтор, бүгүнкү күндө экс-президентте эркиндик болбогону менен курорттогудай эле жашап жатканынан кабар алдык. Дагы бир жагдай, ал Сооронбай Жээнбеков эртеби-кечпи камаларына ишенет экен. Ушул жагын тездетүүгө өзү да жардам берерин ишенимдүү булактар билдиришти. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер