Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Токтогазиев: “Лапароскопия аппараты менен ашказанды кичирейтип, ичегини азайтып, кант диабетинен арылтса болот”

Бакыт Токтогазиев: “Лапароскопия аппараты менен ашказанды кичирейтип, ичегини азайтып, кант диабетинен арылтса болот”

04-январь, 17:30
1 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КММАнын окуу-дарылоо илимий медициналык борборунун директорунун орун басары, хирург, онколог менен маек.

-- Бакыт мырза, лапароскопия деген эмне, ушу боюнча кыскача түшүндүрмө берип кетсең?

-- ХХ кылымда хирургдар скальпель менен денени чоң кесип, операцияларды кылчу эле. Анын доору өтүп баратат. Мындай нерсе Кыргызстанда деле азырынча бар. Лапароскопия деп аталган медициналык аппарат менен анын кичинекей тили, көрүү камерасы аркылуу дененин ичине кирип, ар кандай операциялар жасалат. Алсак, онкологиялык, ашказан, жоон ичеги, кызыл ичеги, боор жана кадыресе хирургиялык операцияларды кылса болот. Эң ириде, бейтаптардын тезирээк калыбына келишине шарт түзүлөт. Мындай операцияны кээ бири “лазер” деп жүрүшөт. Чын-чынында лазерге эч бир тийешеси жок.

-- Дисбаланс же адамдардын толуп кетиши...

-- Биз тамактарды ылгабай, биринин артынан бирин кекиртекке ура беребиз. Ошол эле учурда аз кыймылдайбыз. Билинбей атып былчыйып семирип, анын аркасы менен ар кандай илдетке: кан басымдын жогорулашы, кант диабети, жүрөк оору, муун-омурткалар ж.б. толуп аткан оорулардын башатына жол ачып коёбуз. Витаминдүү азыктарга, жашылча-жемиштерге канааттанбай, майлуу тамактар менен ашказанды толтуруп, кечкисин бешбармак жеп, анан курсакты сылап-сыйпамыш этип уйкуга кетебиз. Бул туура эмес. Мындай жаман адаттан качып, туура тамактанууга өтүү кажет. Канчалык күчтүү тамак жегенден кийин ошончо энергияны кайрадан коротуу керек, ашыкча майларды, туздарды, шлакты организмден кыймыл-аракеттин аркасы менен кууп чыгуу оң. Андай болбосо, организмде дисбаланс болуп, толуп же семирип кетүү пайда болот.

-- Азыр кант диабети менен ооруган адамдардын саны көбөйдү. Дүйнөлүк практикада бул жаатта кандай жаңылыктар бар?

-- Баардык эле өнүккөн өлкөлөрдө Америка же Батыш мамлекеттеринде, Россияда эндокринологдордун кант диабети көйгөйүндө дүйнөлүк бир сунуш бар. Кан басымы жогорулап, кандагы канты түшпөй жана толуп кеткен мезгил бир учурда кездешсе, анда аны жогоруда биз токтолгон лапароскопия аппаратынын жардамы менен бейтаптын ашказанын кичирейтип, ичегини азайтып койсо, канты 92 пайызга, кан басымы 85 пайызга, ашыкча салмагы 100 пайызга нормалдашып, эффективдүү болорун дүйнө жүзүндөгү илимпоздор тастыктаган. Кыргызстанда бул жагдай азырынча иш жүзүнө аша элек. Бирок, биз болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жакынкы арада болуп калат деген үмүт чоң!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер