Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динчил кайын атамдын кысымында калдым. Өлбөй койду...

Динчил кайын атамдын кысымында калдым. Өлбөй койду...

18-сентябрь, 16:32
1 203 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиздердин Aryba.kg сайты тагдыр, сүйүү темаларына жакшы көңүл бурат. Дайыма окуйм. Чыныгы турмуштагы окуяларды чыгарасыздар. Өзүмдүн да ички бугумду жазууга аракет кылайын...

Турмушка чыкканыма эки жыл болду. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз, кызыбыз бар. Кайын энем каза болуп калган, кайын атам менен чогуу турабыз. (Баткендик болот, эски көз карашта.) Мага такыр жакпайт. Кайын атам мусулманчылыкка берилген, беш маал намаз окуган адам. Менин кийингениме, жылаңбаш жүргөнүмө чейин кийлигишет. Кээде тил кайрып коем, урушуп кетебиз. Үйдөн жоолук салынам, а жумушка барганда чачымды жасап чыгам. Тизеден юбка кийем. Ошону эле аңдып турат. Сүйлөнүп, наалыган сөздөрдү айта берет. Акыркы кезде күйөөм да атасына болушуп, чырлаша баштадык. “Жоолук салын, узун кийин, намаз оку” деген сөздөрдөн тажадым. Ар ким өзү каалагандай жашаш керек да. Үйдө эркиндик болбосо, корунуп өткөргөн күнүң азап экен. Бир чети кайын атамдын көзү өтүп кетсе тынч жашайт элек. Өлбөй койду. Сексенден ашса да тың, мени эле аңдый берет. Динге берилген адам караңгы болуп каларына ишенип калдым...


Махабат

Aryba.kg    

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер