Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 15 жаштагы окуучу кыз төрөгөндөн кийин үйүнөн кууп чыгышкан

15 жаштагы окуучу кыз төрөгөндөн кийин үйүнөн кууп чыгышкан

15-ноябрь, 17:37
1 789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коңшу Казакстандын Шымкент шаарында 15 жаштагы окуучу кыз төрөгөндөн кийин жакындары үйүнөн кууп чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыз төрөп, үйүнө келгенден кийин атасы бул үй-бүлө үчүн уят экенин айтып, апасынын үйүнө жөнөткөн. Бирок кыздын апасы дагы небересин баккысы келген эмес. Жыйынтыгында кыз менен ымыркай көчөдө калып, аларга камкор адамдар жардам берип келишкен.

Учурда ымыркай кризистик борбордо. Ал эми төрөт үйүнүн кызматкерлери бул тууралуу полицияга кабарлашкан эмес. Жадагалса ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк да беришкен эмес. Кыз интернатта таанышкан жигиттен боюна бүтүп калган. Жигит ымыркай төрөлгөндөн кийин качып кеткен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер