Азамат Сакиев мамлекетти алдап, сыйлыктарга марып келатабы?
Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев кыска аралыкта жасалма абройго жеттиби? 2022-жылы президенттин “Ардак грамотасын”, жакында “Даңк” ордени менен сыйланган. Кыска аралыкта ушунчалык эмгек сиңирдиби? Буга чейин темир жолчулар интернетке кайрылуу жасап чыгышканы белгилүү. Азамат Сакиев болгону үч вагонду жасап коюп, ошону пиар кылганын айтышты го? Кызматкерлерге шарт түзүлбөгөнү, начар абалда иштеп жатышканы ачыкталса да, реакция болбойбу? Мындайча айтканда, “сырты жалтырак, ичи калтырак” дегендей, мамлекетти алдоо жолу менен Азамат Сакиев сый-ургалдарга марыган кезиби? Эгерде телегейи тегиз, ургаалдуу эмгеги акталса, ондогон жумушчулары нааразычылык акцияга чыгышпайт эле да. Өз кадр катары сыпатталып, “крышасына” таянгандар талпына учкан заманда, аягы кандай тамамдаларын байкайлы. Күч органдары темир жолду мыйзамдуу алкакта териштирип чыгышса, көп былыктары кашкаябы? Азырынча калкаланып атканы менен келечекте кантет? Кабыргасынан коюла турган соболдор арбын. Убагы келгенде жооп берсе керек.
"Азия Ньюс" гезити