Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Шордуу элибиз медиктерди укпай, мечиттеги сабатсыз молдолорду ээрчийт”

“Шордуу элибиз медиктерди укпай, мечиттеги сабатсыз молдолорду ээрчийт”

04-июль, 10:38
2 510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарт күч алып, шаарды каптады. Ушул оор күндөрү кыргыз медицинасынын чыныгы акыбалы даана байкалды. "Биринчи байлык – ден соолук" дейбиз, бирок саламаттык сактоо тармагынын мышык ыйларлык абалы ого бетер жүрөк оорутту. Каза болгондордун саны көбөйдү. Шаар тургундарынын көпчүлүгү ооруп жатышат. Мындай учурда беткап тагынып, антисептиктерди жакшы пайдаланып, өзүңүзгө өтө сак болгонуңуз оң. Ушундай. Айрым инсандарга “Кыргыз медицинасынын азыркы акыбалына кандай пикирдесиз?” деген сурообузду узаттык.

Төрөхан Жунусбеков, жарандык активист:

-- Биздин медицина өтө начарлап кеткен, биз медицинага реформа жасап, жакшы, патриот кадрлар менен толукташыбыз керек. Анткени ушул вирус аркылуу 500 млн. доллар келди, ушул шылтоо менен иретке келтирип алсак болот, бирок мындай саясый чечим кабыл алып, иретке келтире турган кадрларды көрбөй жатам. “Балким, жаңы парламентке жаш реформаторлор келип жасайт” деген үмүтүбүз бар.

Жийде Абдымамытова, журналист:

-- Кыргыз медицинасы толук реформага муктаж. Себеби, мыкты дарыгерлердин тобу картайды, ордун басар шакирттери аз. Акча менен окуган чала сабаттар көп. Жакшы окуган, жакшы дарыгер боло турган жаштарга келечек жок, айла жок сыртка кетишүүдө.

Азыркы пандемия медицинанын абалын көрсөттү. Жаңы ооруканалар курулбай калганы канча болду? Врачтар абдан кыйынчылык менен иштеп, ден соолук, өмүрлөрүн да берип жатышат. КР жетекчилиги медиктердин айлыктарын көбөйтүп, иш шартын жакшыртпаса болбойт. Бирок, чыныгы врач кандай кырдаал болсо да ак жүрөк бойдон калышы шарт. Ал ардактуу жана жооптуу кесип адам өмүрү менен байланышкан.

Тилекке каршы, пандемия учурунда ар кандай дарыгерлерди көрдүк. Рахмат, көпчүлүк дарыгерлер алкышка гана татыктуу. Баса көрсөтө турган жагдай – ушундай кырдаалда дарыканаларды, жеке клиникаларды катуу көзөмөл кыла алышпай койду. Эмне үчүн оорудан бизнес жасашат?

Рентген, томография дегендин кымбатын айтпагыла. Оору чогулган жерде ого бетер оор шарт болот, кезек күткөндөргө зээн кейийт. Тартип, тартип жана тартип азыр баарыбызга керек болуп турат. Кыргыз эли аманчылыкта ушул апааттан чыгып кетсек экен.

“Жашы улгайгандарды карабайт экен” деп жатышат, алар эмне, унчукпай өлүшү керекпи? Алдары жетпей калды, башынан катуу киришиш керек болчу. Бийликтегилер отчет бергенди эле билип калышты окшойт.

Гүлмира Үмөталиева, журналист:

-- Коронавирус адамды сынады. Бул вирус чыкканда Кыргызстанга келбечүдөй кенебестик кылганыбыз эми шаштыбызды кетирүүдө. Башкалар эли менен кошо дартка даяр болсо, биз жылаңач тосуп алдык. Же мээ иштебейт, же мээси иштегендерди уккан эч ким жок. Адекваттуу медиктер, Калдарбек Абдраманов сыяктуу дарыгерлер коңгуроо кагып, элди, өкмөттү мобилизацияга чакырып жатты. Бирок, биздин “отко айдаса бокко качкан” шоордуу элибиз медиктерди эмес, мечиттерде мектепти бүтпөй калган молдолорду, элди бөлүп, бийликке каршы сүйлөсө эле “азамат” болуп, “вирус жок” деген жарты мээ, сайраган саясатчыларды ээрчип алышты. Эми шоруң шорподой кайнайт го, элим! Алтургай ооруп калган адамды “обочолонуу керек” десе олурая карап, кайра сенин бетиңди тыткандар андан көп. Азыркы пандемия учурунда араң турган медицина эбак өлгөнүн, элдин түркөй, сабатсыз болгонун көрдүк. Айла жок. Бу оору дагы сыноо. Кенебестердин айынан башка адамдар дагы бу илдетке чалдыгып, өлүм-өмүр менен алпурушууда. Баардык ооругандарды Теңирим жалгап, шыпаасын берсин! “Той-аш өткөрбөгүлө” деген сайын күчөдүк. Жашырынып той берип, шаар бийлигин кенебей куран окуттук. Анан ошолор элди алдыга сүйрөйбү? Ойлон кыргыз! Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда. Ар кимди күнөөлүү деп кыйкыргандан мурун өзүбүз жөнөкөй эрежени сактайлы! Үй-бүлөңүздүн ден соолугу, амандыгы биринчи кезекте сизге керек. Тууган-урук менен көрүшпөй туралы. Чыдайлы. Мунун бир гана дарысы – тартип, обочолонуу жана позитивдүү ойлонуу. Адам ачкадан эмес, ачкөздүктөн өлүп жатат... Ар бир кыргыз кымбат. Бирибизди-бирибиз сыйлайлы. Ден соолукка келгенде медиктердин сөзүн угуп, эрежени сактоону аткара албай койдук. Ошол дагы кыйынбы? А ооруп калсаң убарасы канча? Ар бириңерге ден соолук тилейм!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер