Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ухань калаасында калган кыргыз студент кыз “үрөй учурган видеолордун баары фейк” дейт

Ухань калаасында калган кыргыз студент кыз “үрөй учурган видеолордун баары фейк” дейт

28-январь, 12:42
1 975 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайда жаңы типтеги коронавирус илдети жайылып, дүйнө элин тынчсыздандырууда. Мындай коркунучтуу оору аба аркылуу жана адамдан адамга жугары айтылды. Мунун кесепетинен соңку маалымат боюнча каза тапкан адамдардын саны 80ге жетип, 2800дөй киши ооруп жатат.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев сөз болуп жаткан Ухань шаарында учурда 15 кыргызстандык (14 студент, бир ишкер) жашап жатканын билдирди. Бактыга жараша, алардын эч кимисине оору жуккан эмес. Ниязалиевдин айтымында, буга чейин ал жакта Кыргызстандын 50 жараны болгон. Жаңы жылдан кийинки каникулда көбү мекенине жана башка шаарларга чыгып кеткен. 

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы азыркы тапта Ухань калаасында жашап жаткан кыргызстандык студент Айко Мамбеталиева менен баарлашып, кандай күндү баштан кечирип жатканын сураган. Ал Кытай борбордук классикалык университетинде 4-курста окуйт.

 “Учурда абал туруктуу, тынч, карантин эрежелерин сактап жатабыз. Адамдар мүмкүн болушунча көчөдө жүрбөгөнгө аракет кылууда. Чыкса да азык-түлүк алганы эле барышат. Карантин жарыяланган күндөн тартып студенттик жатаканадан баш көтөрбөй жатам. Азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди дүкөндөн буюртма берип алдырам. Биринчи беш күндө эч жакка чыккан жокмун, азыр көчөдө жүрүү анча коркунучтуу болбой калды. Учурда көптөгөн супермаркеттер ачылып, азык-түлүк кенен. Соцтармакта жазгандай, ачка калгандар жок. Айрым оюн-зоок имараттары жана коомдук тамактануучу жайлар жабык турат.

Окуу жайдан баарыбызга беткап, самын жана күн сайын дене табын текшерип туруу үчүн танометр беришти. Ар таңда бөлмөлөргө дезинфекциялоочу каражаттарды чачып турушат. Ал эми үрөй учурган видеолордун баары фейк. Анчалык жүрөк үшүн алган учурлар байкалбай эле. Муну менен кимдир бирөөлөр элди дүрбөлөңгө түшүргүсү келип жатат деп ойлойм. Өлкө жетекчилиги илдетти ооздуктоо үчүн болгон күчүн жумшоодо. Бейтаптарды дарылоо шарттарын жакшыртуу үчүн жаңы оорукана салып жатат. Аны рекорддук мөөнөт менен алты күндүн ичинде куруп бүткөрүү пландалганын уктук. Ачылышы 2-февралда өтүп, 1000 адамды кабыл алууга даяр болот экен”.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер