Мекенде жарды, тышта бай...

Белгилүү бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримовго “Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кошумча айыптоо катары. Буга чейин эле анын издөөгө алынганы, завод, мүлктөрү конфискацияланганы кабарланган. Мамлекеттик органдар тарабынан салык төлөөдөн качканы, жасалма акциз кылганы, спирт контрабандасы менен шугулданганы боюнча күнөөлөнгөн эле. Негизи Шаки 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин сак-сактап, бизнесин сыртка чыгарып кеткени маалым. Кыргызстандагы калган мүлктөрүнөн ажыраганы менен чет өлкөдө бизнесин улантып, ийгиликтүү эле иштеп жатканын айтышат. Эске салсак, Шаки президенттик жана парламенттик шайлоолордо демөөрчүлүк ишмердигин да көрсөтүп келчү. Айрыкча Жогорку Кеңешке жакын адамдарын өткөзүп, мандат алып бергени жашыруун деле эмес. Анын колдоосу астында “Кыргызстан” партиясы 2015-жылы парламентке өткөнү белгилүү. Убагында саясый топторду сүрөп келсе, соңку убакта сыртта жатып алып, бийликке каршы күчтөр менен алака түзөбү? Тымызын “оюндарга” шыгы бар эле, көрө жаталы...
"Азия Ньюс" гезити