Эреже бузган айдоочулардан 534 миллион 684 миң айып пул төлөндү
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген март айынын тартып, жол эрежесин бузуу боюнча 873 631 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 448 040 токтом боюнча айдоочулар айып пул төлөштү.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, төлөнгөн айып пулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түздү.
Жогорку Кеңеште жол эрежесин бузгандарга айып пулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык коомчулукта суммасы 3000 сомдук айыптарды 1000 сомго чейин төмөндөтүү сунушталган.
«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулууда.
Aryba.kg