Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда санарип паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонула баштайт

Кыргызстанда санарип паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонула баштайт

22-декабрь, 12:09
402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому 18-декабрда чыккан.

Кыргызстандыктар эми "Түндүк" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат. Токтомго ылайык, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана жарандарга тийешелүү документтердин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган электрондук варианты юридикалык күчкө ээ болот.

Буга чейин президент Садыр Жапаров санариптештирүү процессин көзөмөлдөй турганын, 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Ал санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин Фейсбукка чыгарган. Кийин мамлекеттик органдар тийешелүү тапшырмаларды аткарганы кабарланган.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер