Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Салык чек” лотереясы кайсы жерде, кандай шартта ойнотулат?

“Салык чек” лотереясы кайсы жерде, кандай шартта ойнотулат?

22-июнь, 11:47
425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы Бишкектин Ала-Тоо аянтында ойнотулуп, түз эфирден көрсөтүлөт. Бул туурасында салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын биринчи туру 1-июлда жыйынтыкталып, лотерея атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу ойнотулат. Байге ээлерин аныктоо концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолмокчу.

Ойнотуу учуру УТРКнын "Ала-Тоо 24" телеканалы жана башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. Салык кызматынын социалдык тармактагы баракчаларынан дагы көрүүгө болот.

Лотереядан уткан жаран байгесин үч айдын ичинде алып кетиши керек, андан кийин берилбейт.

Белгилей кетсек, лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.

Биринчи турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 Samsung, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер