Күйөөм “эки аял менен жашайм” деп айламды кетирүүдө

Кандай кадамга бараарымды билбей уйкум бузулду. Сиздердин жардамыңыздар менен туура чечимге келемби? Үй-бүлөбүздө күйөөм менден 7 жашка улуу, эки уулдун энесимин. Жолдошумдун биринчи никесинен 2 баласы бар. Бир уул, бир кыз. Экөөнүн мамилеси келишпей жолдошум мурунку кайын журту менен чырдашып, эки жаат болуп урушуп ажырашкан экен. Мурдагы аялына Бишкектеги чоң үйүн (особняк ) балдарына таштап, чыгып кетиптир. Ай сайын 20-25 миңдин тегерегинде акча салат жана майрамдарда барып белек берип турат. Эми жакындан бери мага “экөөңөр менен тең жашайм” деп айламды кетирип атат. Мен макул эмесмин албетте! “Балам чоңойуп калды, барып тарбия берип турушум керек. Атанын тарбиясы башка" дейт. Мен “талак берип кете бер, ошол аялың менен жаша” десем болбой атат. “Ажырашып эле кетели” деп ойлонуп атам. Үстүбүздө үйүбүз бар, менин наамымда. Жашап кете аламбы же макул болсомбу?
Гүлнара