Сыймык Жапыкеев шайлоого чыкпай койсо, канча миллион алат?


Өткөндө Сыймык Жапыкеев оолукса президенттик шайлоого чыгарын жазганбыз. Коомчулукта кадыресе талкууга алынып, финполиционердин кадыры көтөрүлө түштү окшойт. Саясатчылар мыйыгынан жылмайып турушту...
Өмүрбек Текебаевдин: “Сыймык, шайлоого барбай эле кой, андан көрө абаңды колдо!” деп айтканы желдей тарады. Ошону менен жоошуп калдыбы? Жакындарына да Жапыкеев шайлоодон баш тарта турганын айтып, бирок бийлик короосуна чыкчудай түр көрсөтүп, ортодон соодалашып алууну көздөгөн кербезиби? Мурда 10-20 миң доллар алып жүрсө, азыркы саясый сезондо куржунун толтурабы?
Бирок Сыймык Жапыкеев саясатка активдүү кийлигишпей четтеп, тирешип-сүрүшпөй эле аймактарды кыдырып, саякатчы болуп жүрсө, анда ким эсептешмек эле? Мушташа тургандай духту көрсөтүп койсо, бир жөн го...
Ал эми насаатчы Өмүрбек Текебаев Германиядагы элчилик кызматынын мөөнөтү бүтсө, кийинкисин Францияга алмашып, карыганда жылуу-жумшак жашоону өткөрүүгө көнө баштаптыр...











