Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тюкебаев менен Токтаналиев милициянын кадырына “канжар малышууда”

Тюкебаев менен Токтаналиев милициянын кадырына “канжар малышууда”

30-октябрь, 19:30
816 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда Бишкек ШИИБге караштуу үч кызматкер УКМК тарабынан кармалышты. Бул көрүнүш адатка, көнүмүшкө айланган сыягындай. Баңгизат менен “подстава” кылып жүрүшкөнү кабарланды. Экөө Биринчи Май РИИБде иштешет экен. Начальниги Тилек Тюкебаев деген алабарман эргул. Бул да убагында пара алууга айыпталып, “жең ичинен” бүтүргөнбү? Анүчүн Жети-Өгүздө иштеп жүргөндөгү окуясын казып чыгуу керек... Бир эсе таңгаласың да, Тюкебаев жетекчи катары өздүк курамын таза кызмат кылууга үндөбөйбү? Же “балык башынан сасыйт” деген кеп бап келишип турабы? Түшүнүксүз. Айтор, элдир-селдир жүргөнү менен милицияны артка тартууда. 

Ал эми үчүнчү кармалган кызматкер Бишкек ШИИБде иштейт экен. Азамат Ногойбаев кетип, Азамат Токтоналиев келгени шаардын милициясында өзгөрүү деле байкалган жок. Мунусу майдачыл тартып, бийик деңгээлде ойлоно албаса, анан кантсин? Эмнеге ишинин көрсөткүчтөрү алдыдагы кадрлар бааланбай көмүскөдө кала берет да, кайдагы капчыктуу, бирок чабалдар карьера жасашат? Токтоналиев милицияда жүрүп байып, фураларды арендага берип, бизнес кылып, мүлк, квартираларга карк болуп, бул жагынан билинбей эле жүрө берүүгө бел байлаганбы? Артындагы көп кыңыр иштери боюнча убагында далай жазылган, келечекке карай түйүнү чечилеби? Буга УКМК “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кызыгып, кайырмак ыргытышы мүмкүн. Күтө туралы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер