Эмне үчүн Бөлтүрүктүн айткандары майда сөзгө айланууда?


Канадага кетип калган Тенгиз Бөлтүрүк улам кайрылуу жасап, бийлик башындагыларды сындап, көңүл бура турган көп сөздөрдү айтууда. Атургай ажону дебатка да чакырууга жетишип, өзүнчө эрдемсип жатат. Албетте, чет өлкөдөн сындаш оңой, жоопкерчилиги да каралбайт тура.
Ушул боюнча бир олуттуу маселени ортого салалы. Бөлтүрүк иралды улуттун кызыкчылыгы, мамлекеттин баалуулуктары үчүн кеп козгоп, элдин мүдөөсүнө жараша сын-пикирлерин жайылтса, анда укмуш жаңылык жаратып, үлкөн фигурага айланмак. Бирок, ал жеке кызыкчылыгы, таарынычы үчүн сындап жатканын байкатып койду. Мындай шартта кандай таасирдүү сөз айтпасын, жеңил-желпи мүнөздө бааланат тура. Аныгында Бөлтүрүк саясатчы эмес экен. Олуттуу көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде алып чыга албай, жеке таарынычына аралаштырып, баарын чалды-куйду кылып салды. Анан буга ким ишенет? Кыраакылык жетишпей калды да...











