Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков: «Манастын уулу Семетейди» орус, англис, түрк тилдерине которсок, эми кытайча сүйлөттүк...”

Өмүрзак Төлөбеков: «Манастын уулу Семетейди» орус, англис, түрк тилдерине которсок, эми кытайча сүйлөттүк...”

21-июль, 12:08
1 171 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- «Манастын уулу Семетей» тасмаңыз тартыла баштаганда эле чуулган жаратканы белгилүү. Таанымал адмдардан кимдер кандай дооматтарды коюшту эле? Азыр тынчып калышты. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

-- Тасмага сценарий жазууда эле чуу жараларын билип, жалаң эпосту эмес, 40 жылдан бери театрда коюлуп, элге терең сиңген Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасын негиз кылгам. Дөөлөт Сыдыков баш болгон айрым манасчылар менен тарыхчылар, ал кездеги мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин жаңсоосу менен бир катар ЖМКлар жана блогерлер “эпос киного тартылбасын” дешти. Аныгында, антүү негизсиз экенин аңдашканда “3-4 айда 300 миң доллар – аз каражат менен сапатсыз тасма чыгат, улуу чыгармага татыктуу кино жаралбайт” деп добулбас кагышты. Ооба, мен “чү” дегенде эле чоң каражат, айталы, 3-4 миллион доллар сурасам, өлкөбүздүн азыркы экономикалык кризистик шартында ал аткарылмак эмес. Мүмкүн болушунча аз каражат менен кыска мезгилде тартууну ойлоого аргасыз болчумун. “Бир эсептен демөөрчүлүк, экинчиден, өнөктөштүк иретинде 350 миң доллар чыгарсаңыздар кинону коюудан түшкөн каражаттан кайтарам” деп билдирдим. 2012-жылы “Президент жана бомж” кинобуздан 200 миң доллардай каражат түшкөнүн мисалга тартып, “Манастын уулу Семетейге” андан көп кызыгуу болорун айттым. Былтыр июль айында кинону тартып баштаганыбызда эле колдогон, сындаган да пикирлер жаады. Бул – тасмабызга коомчулукта кызыгуу абдан жогору экенин айгинеледи. Демөөрчүлөр менен өнөктөштөр да ынтаа коюшуп, “шашпай жакшылап тартып, мыкты чыгарма жаратыңыз” дешти. Ошону менен бир жылдан бери улам ийлеп, айрым сценаларды кайрадан тартып, жаңы эпизоддорду киргизип, алымча-кошумчалап келдик. Кражат да мурда болжогондон ашыкча кетти. Мындай тарыхый тасмаларды Америкада жүздөгөн, Казакстанда ондогон миллион долларга тартып атышканы – аларда сценарист, продюсер, режиссёр, оператор, художник, композитор, башкы ролдорду аткаруучу актёрлор – ар бири штаттарда миллиондогон, кошуна боордоштордо жүздөгөн миң доллар акы алышса, бизде ошол эле милдеттер ашып кетсе 5-10 миң долларга аткарылат. Демек, алардан 10-100 эсе аз каражатка деле эл аралык деңгээлге чыгуучу тасма тартуу мүмкүндүгү жок эмес.

-- Эл аралык коомчулуктун кабыл алуусу боюнча эмнелерди айта аласыз?

-- Июнь айынын башында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (элчи Кубанычбек Өмүралев) жана эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюмунун (башкы катчысы Султан Раев) уюштуруусу менен Анкарада Түркиянын киночуларына, мамлекеттик жетекчилерине, коомчулук өкүлдөрүнө көрсөттүк. Түрк туугандар абдан жакшы кабылдашты. “Кыргыздар – бир тууганыбыз. Манас, Семетей, Сейтек – биздин да бабаларыбыз. Эл аралык деңгээлдеги кино жаратканыңыздар кубанычтуу” дешти. Азыр түрк киночулары менен Түркия, Иран өлкөлөрүндө кинотеатрларга коюу тууралуу сүйлөшүп атабыз. Ошондой эле эл аралык дүйнөдөгү эң барктуу “Нетфликс” интернет каналынын Стамбулда жайгашкан Түркия, Жакынкы Чыгыш (Иран, Сирия, Ливия), Түндүк Африка (Египет, Сауд Арабиясы, Израиль) өлкөлөрү боюнча дирекциясы менен кызматташуудабыз.

Кытайдагы эл аралык “Жибек Жолу” уюмунун Орто Азия бөлүмү аркылуу Кытай киночуларына чыгуудабыз. Ал эми тасмабыздын креативдүү продюсери Нурлан Мамакеев Делиге барып, “Танцор Диско”, “Бийле-бийле” тасмаларынын продюсери жана режиссёру Баббар Сухбаш баш болгон Индия киночулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат.

-- Ар өлкөлөрдө кандай? Алардын тилинде көрсөтүп атасыздарбы? Канча тилге котордуңуздар эле? 

-- Адегенде орус, англис, түрк тилдерине которсок, эми кытайча сүйлөттүк. Индусчага котортуп атабыз.

-- Бул тасмаңыздарга канча каражат кетти? Кирешеси кандай болчудай?

-- Жарым миллион долларга жакын каражат кетти. Андан тышкары, кино чыкканда берилчү эмгек акылар да бар. Дубляж, реклама дагы каражатты талап кылат. Аны чет өлкөлүк өнөктөштөр менен чечип атабыз. Эл аралык кино дистрибьюторлор “канчага сатасыз?” деп сурашканда “кетирген каражатты жаап, жаңы киного жетерлик мүмкүнчүлүк түзүлсө, дагы кызматташабыз” деп жооп узатуудамын.

-- Жаңы киноңуз кайсы болмокчу?

-- “А” дегенден кийин “Б” деш керек да. “Семетейден” кийин “Сейтек” да. 

-- Анан “Манас”?

-- Кудайым буюрса, “Манас” да тартылат. Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов кинобузду көрүп, “муз ордунан козголду...” деди. Бирок, “Манасты” анимация кылган оң го. Стамбулда жүрүп Түркия маданият министрлиги 1990-жылы эле 50 мүнөттүк “Манас дастаны” анимациялык фильм тарттырганын угуп кубандым. Түрк кесиптештерим алдыда “Манас” тууралуу кеңири анимациялык тасманы биргелешип туртууну сунушташты. Эми ал буюрса, келечектин иши. Менин кубанганым – “Манастын уулу Семетейди” көрүшүп, эл аралык кино өндүрүшчүлөр бизде, кыргызда дүйнөлүк мыкты чыгармалар, таланттуу чыгармачыл топ, кооз табият, илгерки замандардын кийим-буюмдары, реквизиттер бар экендигинен улам эл аралык жаңы ири кино долбоорлорду биргелешип жасоого ынтызарланышууда. 

-- Эл аралык кино өндүрүшчүлөр болгондо түркиялыктарбы?

-- Россия, Түркия, Кытай, Индия, ошондой эле дүйнөлүк “Нетфликс”, “Амазон” интернет каналдарына (стреминг платформалар), Голливид кино ишмерлерине чыгып атабыз.

-- Тасманы кыргыз коомчулугу качан көрө алышат?

-- Бир катар өлкөлөр менен макулдашып, бир мезгилде коюлат. Болжолу сентябрь айында... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер