Ширшов менен Максимдин сыйкырдуу башкаруусуна бүтүндөй коомчулук каршы турууда


2010-жылдын 7-апрелинен кийин бир канча оор беренелер менен кылмыш иштери козголгон Алексей Ширшов эл ичине бүлүк салып аткан чагы. Санарип өнүктүрүү министрлигине “Дастан” заводу, “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Евразиялык өнүктүрүү банкы” өкмөттүн токтому менен өттү. Бул мекемени шопуру Талант Иманов жетектейт. Натыйжада, “кол баласы” аркылуу мамлекеттин байлыктарын каалагандай калчап, элибизди сызга отургузуп кетпейби? Бул боюнча оппозиция эле эмес, бийликчил депутаттар да зар какшашып, анын ууру экенин айтышып, айлалары кетип калган чактары. Бүтүндөй коомчулук каршы чыгууда. Ширшов тезинен камалбаса, саясый кырдаал чыңала береби? Баса, өнөктөшү, шефи Максим Бакиев Лондондо жатып алып, ушунчалык сыйкырдуу башкарууга жетип калдыбы? Эсиңерде болсо, 7-апрелге чейин булар үйүр тобу менен элибиздин байлыктарын тоноп, өз билгендерин кылып киришкенде караламан калк көтөрүлүп чыккан да. Эми ошол заман келдиби? Бакиевдердин баардык жанжөөкөрлөрү шайма-шай жүрүшөт, четинен актала башташты...
"Азия Ньюс" гезити











