Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевге карата Зарифинин агрессивдүү жообу от тутантпайбы?

Ташиевге карата Зарифинин агрессивдүү жообу от тутантпайбы?

03-апрель, 19:44
860 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Душанбе Кыргызстандын УКМК башчысынын билдирүүсү боюнча унчукпай отурса, республиканын тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы өз оюн ачык айтып чыккан. Анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган пикирлерин эл аралык “Азия-плюс” сайты жарыялап чыкты.

Хамрохон Зарифи: “Мен Кыргызстандын делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүн окудум. Менин оюмча, толук куру сөз. Жалган билдирүү” деп жарыялап, Камчыбек Ташиевдин өмүр баянына кеңири токтолгон. Кемсинтүү менен курч ойлорун уланткан...

Тажик бийлиги дипломат Зарифи аркылуу кыр көрсөткөнү байкалат. Бул адам өз тармагында аброю бар, белгилүү адам экен. Андыктан, коңшулар “жыландын башын” жөн жерден кылтыйтып атпаса керек. Аягы кырдаал чыңалып отуруп, жаңжалдашуу менен эки мамлекеттин ортосуна чок түшпөйбү? Баягы эле элге убал. Эмесе, президент Садыр Жапаров ушул жааттан кылдат анализ кыларына ишене туралы.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин расмий Душанбе тараптан кыргыз тараптын билдирүүсүнө байланыштуу эч кандай комментарий боло элек. Кандай болгон күндө да кылдаттык жана элге тынчтык гана бере турган жыйынтыкты күтө туралы. Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсү боюнча саясат таануучу Эмил Жороев төмөндөгүлөргө токтолду.  

Эмил Жороев, саясат таануучу:

-- УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин буга чейин айткан сөздөрү расмий Душанбе тарапка ачык айтылган сунуштар. Ал тууралуу Тажикстандын бийликтери кандай жооп берери али белгисиз. Бирок Камчыбек Ташиев пресс-конференция берип жаткан учурунда коомчулукка сунуш катары айтылган иштерди ачыктап, балким, кайсы бир деңгээлде өтө эрте жарыялаган сөздөр болушу мүмкүн. Канткенде да Тажикстан тараптан күтүлгөндөй эле реакция, жооптор болуп жатат. Өзгөчө жакын жерде Сох облусунда жашаган жарандардын арасынан өтө көп терс сөздөр айтылып жатканын байкадым. Мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин айтып жаткан сөзүнө токтолсом, биринчиден, ал расмий адам эмес. Расмий жооп берчүлөр башка. Экинчиден, анын айткан сөзүндө күтүлгөндөй эле өз жарандарынын кабыл алуусуна жараша айтылган кеп болгон. “Ворух болобу, башка жерби, Тажикстандын ыйык жери” деп айткан сөздөрү күтүлгөн нерсе. Кыргызстандын жарандары дагы андай мамилелерди айтып келишет. Андыктан мындай сөздөргө маани берүү туура эмес. Өзгөчө кескин түрдө Зарифинин агресивдүү айтылган сөздөрү көп болууда. Баарына киришүү, суроо-жооп түрүндө ал адам менен айтыша кетүү конструктивге жатпаган аракет болуп калат. Кандай болбосун, бул маселеде сөзсүз чек ара маселесин чечүү чыдамдуулукту, кылдаттыкты жана кайсы бир деңгээлде кыйын болсо да компромисске барууга туура келет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер