Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Абакиров, ЖК депутаты: “Чыгыш автобекети да, батыш автобекети да тыгындарга себепчи эмес”

Эльдар Абакиров, ЖК депутаты: “Чыгыш автобекети да, батыш автобекети да тыгындарга себепчи эмес”

04-июнь, 21:43
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Эльдар Курманбекович, сиз Бишкектеги автобекеттерди шаардын сыртына көчүрүүгө каршы экениңизди билдирдиңиз. Кандай негизден улам аларды калаа сыртына көчүрбөш керек дейсиз?

-Мен отуздан ашык өлкөнү кыдырдым. Көп өлкөлөрдө автобекеттер шаардын чок ортолорунда жайгашкан. Элге ыңгайлуу дагы. Көчөдө баратып эле автобекетке кирет да, андан ары каалаган багыты боюнча кетип калат. Бул бир себеби. Экинчи себеби, мен так эсебин билбейм, күн чыгыш жактагы эски автобекетке күнүгө жүзгө жакын кичи автобустар каттайт. Эгер автобекетти ГЭС-5ке жылдырчу болсо, ал жакка чейин он чакырымга жакын аралык. Ал жерден шаарга келип, же шаардан ал жакка барыш үчүн эки-үч унаа которуш керек болот. Андыктан, менин оюмча, жүргүнчүлөр түз эле Аламүдүнгө келет. Мен сүйлөшкөн далай кишилер мага ошентип айтышты. Демек, 10 машинанын ордуна 500-1000дей машина каттайт дагы, биз жол тыгынды азайтпай эле тескерисинче, көбөйтөбүз. 

-Мэрия автобекеттерди шаардын сыртына көчүрүүнүн бир максаты дал ошол тыгынды азайтуу деп атпайбы... 

-Менин оюмча, тыгын кайра көбөйөт. Анткени, жогоруда айткандай, кишилер беш-он чакырым алыска келип, ал жерден автобуска отурганча түз эле шаарга келгенге аракет кылышат. Менин жеке баамымда, чыгыш автобекети да, батыш автобекети да тыгындарга себепчи эмес. Ал жерде негизинен чоң автобустар жүрөт. Он унааны бир автобус алмаштыргандыктан, алар тыгынга себеп болбойт. Жеке мен экөөнөн тең тыгынды байкаган жокмун. Мен Токмок жактагы элдин пикирин сурадым, алар бизге вокзал шаарга жакын болгону эле ыңгайлуу деп айтышты. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер