» Саясат » Жаныбек Абиров шериктерин камактан чыгаруу жана өзүн сактап калуу үчүн мандатын тапшырды
Жаныбек Абиров шериктерин камактан чыгаруу жана өзүн сактап калуу үчүн мандатын тапшырды
30-март, 15:11
6 490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жапырт мушташуунун айынан Жаныбек Абиров мандатын тапшырып берди. Ал кылмыш жоопкерчилигин тартууну жеңилдетип, кырдаалдан чыгууга бир кадам жасады. Коркунучтан улам артка чегинди. Анүстүнө мушташка катышкан эки шериги камакта жатат. Аларды чыгаруу керек. Мына ушунун баарын анализдеп, депутаттык креслодон баш тартып, күч органдарынын астында ийилип кечирим сурап, жар кырынан түз жолго кадам таштоо машакатын көрүүдө. Натыйжада, жабырлануучу кечирсе, өзү төбөлдөргө жүгүнсө, андан аркысы жумшарат эмеспи. Кээде чегинүү да капаска түшүүдөн сактайт. Байкуш боло коюп сакталып калса жаманбы? Негизи ушундай көрүнүш орун алмак. Кыскасы, Жаныбек Абировдун мандатын тапшыруусу эч кандай эрдик, же бир ачылыш эмес. Дагы бир жолу кайталайлы, тек гана камалып кетпей өзүн сактап калуу...