Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: “АКШ, Кытай, Россия менен мамилебизди жөнгө салууга муктажбыз”

Эмил Жороев: “АКШ, Кытай, Россия менен мамилебизди жөнгө салууга муктажбыз”

14-ноябрь, 01:10
1 019 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын жаңы шайланган президентинин Кыргызстанга таасири, Кытайдын чек араны ачуу үчүн болгон талабы, ШКУ алкагындагы сүйлөшүүлөр тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эмил Жороев менен маектештик. 

-- АКШ жаңы лидерин тандап алды. Кыргыз элине кандай таасири тийет? 

-- Байдендин шайланышы менен Кыргызстан АКШ менен болгон мамилелерин түздөп алууга шарт түзүлдү. Негизинен тышкы саясатта өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюу керек. Бул жагынан алсак, Садыр Жапаровдун Байденди жеңиши менен куттуктаганы оң болду. Ушул жерден Россия, Кытай сыяктуу державаларга теңелүүнүн кереги жок. Эми АКШ демоктратия, адам укуктары сыяктуу маселелерге көбүрөөк маани бере баштаса, анын артынан Кыргызстанга да бир топ жардамдар берилет. Кытай менен чек аралардын жабылышы пандемияда башталып, азыркыга чейин уланууда. Кытай чек араны чектөөдө төрт талапты киргизди. Анын үчөө жүк ташуучу унааларга тийешелүү. Төртүнчүсү өлкөдөгү кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздоо. Ушул төртүнчү талап негизгиси болууда. Себеби, ички саясаттагы маселелер инвесторлорду чочутууда. Кытай мамлекети алардын ишкерлерине болгон мамилеге нааразы. Эми биздин бийлик бул маселелерди тез арада жөнгө салуусу керек. Антпесе, экономикалык абал толук бойдон буулуп калуу коркунучунда турат. ШКУнун алкагында Жапаров Путинге кайрылды. Ал өз сөзүндө Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү керек экенин белгиледи. Муну менен Жапаров Россия–Кыргызстан алакасын жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Себеби, азыркы бийликке ишеним көрсөтүү, аны таанууда башка өлкөлөрдө суроо жаралууда. Ошондой эле акыркы кездери көпчүлүк мамлекеттер менен мамиле карыз алуунун алкагында эле болуп калган. Көп тараптуу мамилелерди ишке ашыруу татаал боюнча калууда.


Мээрим Асанова 

«Азия Ньюс» гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер