Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдывахаб Нурбаев: “Биздин эгемендүүлүк каякта калды? Баары табышмак…”

Абдывахаб Нурбаев: “Биздин эгемендүүлүк каякта калды? Баары табышмак…”

08-июль, 18:52
1 625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жоголгондон 35 күндөн кийин Орхан Инанды Түркиянын колунда экени ачыкталды. Эми бийлик өз жаранын коргоо маселесин кантип чечиши керек?

-- Мамлекет өз жаранын коргоого милдеттүү. Өлкө үчүн абдан уят иш болду. Бул жоруктун артынан эл аралык абройго өтө чоң шек келтирилет. Буга байланыштуу дүйнөлүк коомчулук дагы жөн турбай, өз пикирлерин билдирет. Эми ТИМ тез арада нота берип, Инандыны артка кайтаруу маселесин караш керек. Туура жолу ушул гана. Эгер башкача болсо, бийлик дагы уят болот. Анткени президент өзү киришип, аны табуу боюнча тийешелүү органдарга тапшырма берген. 

-- Жогорку Кеңеш тарабынан бул маселенин тегерегинде талкуулар болгонбу?

-- Бизде бул маселе көтөрүлгөн. Аны комитетте караганбыз. Жогорку Кеңештин токтому да бар. Эми сессияда да көтөрүлөт..

-- Президент аны издөө үчүн атайын тапшырма берип, Түркиядагы визитинде Эрдоган Орхан Инанды жөнүндө кабарсыз экенин айтты эле. Анан кантип ал Түркиянын колуна түшүп калды? 

-- Ушул суроо баарыбызды кызыктырып, таңкалтыра баштады. Мунун артынан түшүнбөстүктөр жаралууда. “Эгемендүүлүк каякта калды?” деген суроо коюлуп жатат. Баары табышмак... Эми сессияда укук коргоо органдарын чакырып, сурайбыз да. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер