Коронавирустун кесепети үчүн Абылгазиевди, Өмүрбекованы жана Чолпонбаевди камаш керек!
Вирустун жайылышына мурдагы чиновниктер Мухамметкалый Абылгазиев, Алтынай Өмүрбекова, Космосбек Чолпонбаевдер күнөөлүү болушканы жалганбы? Канчалаган адамдардын убалына калышты, оорушту, көптөгөн адамдар өлүштү! Андагы шалаакы өкмөт пандемиянын алдын алууга жарабады, орой айтканда, ит болушкан!
Ал эми экономикалык-социалдык кризиске дал ушулардын айынан кептелдик. Элди эзип салышкан. Убакыт өткөндө кечиримдүү болуп атабыз го? Эрксизден! Бирок, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдер канчалаган өлүмдөргө себепчи болушуп, ооруган миңдеген адамдардын үстүнөн атташып, оңой эле жоопкерчиликтен кутулуп кетишеби? Эл карап турат да. Булар уялбай саясат менен алектенип жүрүшөт. Эгерде Кыргызстанда мыйзам кан буугандай иштесе, мамлекеттүүлүк үчүн ар бир чиновник жоопкерчилигин сезсе, анда оор жазага тартылышпайт беле?
Кыргыз бийлигинин башынан кемчонтойлугу бар. Кызматынан шалаакы аткаминерлер же коррупционерлер кетишсе эле кечирип коюшат. Качанкыга чейин мындай алешемдик менен баш оорутабыз? Эгерде жаза баса берсек, келечек муун үлгү алабы? Кыскасы, коронавирустун кесепети үчүн Абылгазиевди, Өмүрбекованы жана Чолппонбаевди камаш керек! Кызматтык кемчиликтери арбын...
"Азия Ньюс" гезити