Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Николай Некрасовдун сойкуканадан утуп алган энчиси Феклуша-Зинаида

Николай Некрасовдун сойкуканадан утуп алган энчиси Феклуша-Зинаида

08-май, 21:30
425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын Николай Некрасовдун жеке жашоосу өтө чуулгандуу болгон. 16 жылдан ашык убакыт ал жазуучу Иван Панаевдин үй-бүлөсү менен чогуу жашаган, анткени жазуучунун жубайы Авдотьяны абдан жакшы көрчү. Ошондон улам тааныштары Некрасов жөнүндө сөз болгондо «ал бирөөнүн үйүндө жашайт, бирөөнүн аялын жакшы көрөт, чоочун аялды мыйзамдуу күйөөсүнөн кызганат» деп тамашалашчу. Бирок, Панаев каза болгондон кийин анын жесири Некрасов менен мамилени үзүп кетет. Ошондон кийин Некрасов француз актрисасы Селина Лефрен менен чогуу жашай баштайт. Бирок, ал да акынды таштап, ага таандык кымбат баалуу терилерди, зер буюмдарды көтөрүнгөн бойдон Францияга кетип калат.

48 жаштагы Некрасов эми Феклуша аттуу 23 жаштагы сабатсыз кызды эрмектей баштайт. Акын аны сойкуканадан, картадан утуп алган. Кыздын жупуну, жөнөкөй мүнөзү Некрасовго жаккандыктан, аны театрга алып барып, чет тилдерин үйрөтүп, аябай эле эркелетчү. Бирок, анын атын жактырбагандыктан, Зинаида деп өзгөртүп алат. Өмүрүнүн акырына чейин аны менен чогуу жашап, кийин кыз кароосуз калбашы үчүн өлөрүнүн алдында попту чакырып, Зинаида менен расмий баш кошкон. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер