Ишкерлерге жеңилдетилген шарт түзүү канчалык деңгээлде маанилүү?
“Ишкерлерге жеңилдетилген шарт түзүү, бюджетти көтөрүү боюнча өкмөттө кадр саясатынан өзгөрүүлөр күтүлүшү керекпи? Бул багытта жаңылануу канчалык деңгээлде маанилүү?” деген собол узатып, тийешелүү адистерден жооп алдык.
Эльдар Абакиров, ЖК депутаты:
-- Негизи салыкты ишкерлер төгүп берет. Өкмөт колдон келген мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берүүсү зарыл. Бюрократия жоктугу, арзан акча, анан албетте, туура кадр саясаты да маанилүү.
Расул Түлеев, экономика боюнча эксперт:
-- Ишкерлерге жеңилдетилген шарт кандай болорун азыр айтуу кыйын. Себеби, азыр көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу процесси жүрүп жатат. Балким, ушул процесс аяктары менен жеңилдиктер берилип баштайт. Бюджеттин кирешелери учурда салыштырмалуу жакшы көтөрүлдү жана дагы көтөрүлөт деп ойлойм. Өкмөт чынында эле бул багытта жакшы жумуш алып барууда.
Ал эми кадр саясаты азырынча өзгөрүлбөйт го. Шайлоого бир жыл калганда, балким, өзгөрүүлөр болот. Анткени, шайлоодо маселелер жана максаттар өзгөрүшү мүмкүн, жаңыланууга жол ачылат. Кадр саясаты өтө кыйын жана маанилүү багыт. Канчалык кесипкөй, намыскөй, даанышман, тажрыйбалуу, илим-билимдүү, элди ойлогон жетекчилер болсо, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулайт.
Шумкарбек Адилбек уулу, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору:
-- Негизи ишкерлерге жеңилдетилген шарттарды түзүү, алар менен иштөө кандай бийлик келбесин жогорку деңгээлде болушу шарт. Адам менен иштөөдө ага болгон жылуу мамиле, же болбосо ага карата түзүлгөн шарттар чоң роль ойнойт. Бүгүнкү салык реформасынын өзөгү товар жүгүртүүлөрдү көзөмөлдөө болуп жатат. Мисалы, кайсы товар кай жактан келгени, ким аркылуу сатылганы тыкыр көзөмөлгө алынса, салык төлөө жолдору да туура болот. Бул ыкма учурда биздин өлкөдө ийгиликтүү жүзөгө ашып жатат. Кыйынчылыктар бар. Себеби, ишкерлер тарабынан түшүнбөстүктөр, ыңгайсыздыктар жаралууда. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Жаңы иште мындай абал сөзсүз болот. Салык кызматында, ишкерлер менен тыгыз иш жүргүзгөн мамлекеттик кызматтарда ишкердикти билген, түшүнгөн кызматкерлер келсе, ишкерлерди колдоо саясатын өздөштүрүп жайылтса, ишкерлер да жакшы мамилени көрө алышат. Ал эми бул иштер жүрүп турса, бюджет көбөйөт. Ошол эле учурда экономикага жаңы тармактарды түзүү да абдан маанилүү.