Акыркы кабарлар
» Саясат » Максат ажы Алтынбек Сулаймановдун башкы насаатчысы болобу?
Максат ажы Алтынбек Сулаймановдун башкы насаатчысы болобу?
09-июнь, 16:22

Максат ажы Токтомушевдин карапайым калк арасында кадыр-баркы жогору экени маалым. Анын кеңештерине, баяндарына таасирленишип, сыйлагандар кыйла көп. Раматылык Чубак ажыдан кийинки эле аалым эмеспи. Ал бир топ саясатчылар менен да мамилеси дурус. Өзгөчө соңку жылдары Алтынбек Сулаймановго жакындап, диний идеялык жагынан жылдыздары төп келишип, ынак досторго айланып кетишкени айтылууда. Эгерде президенттик шайлоодо күтүүсүздөн Алтынбек Сулайманов талапкерлигин коюп калса, он миңдеген тарапташтары бар Максат ажынын жардамы тийеби? Күздө саясый кырдаал кандай жагынан өнүгөрү азырынча белгисиз. Алтынбек мырза башка саясатчылардай булганып калган жок, табы жарашып турат. Ага үмүт байлагандар да катмар-катмар... Ошондо негизги насаатчысы Максат ажы болобу?










