Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таласта жол кырсыгына кабылган “тез жардамдын” эки кызматкери каза болду

Таласта жол кырсыгына кабылган “тез жардамдын” эки кызматкери каза болду

28-октябрь, 14:02
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакай-Ата районунда медициналык “тез жардам” кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 64 жаштагы айдоочу менен 55 жаштагы медайым каза тапкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна маалымдашкандай, окуя 27-октябрда таңга маал болгон. “Тез жардам” Кызыл-Сай айылына чакырууга баратканда жол кырсыгына кабылган.

Ички иштер министрлигинин алдындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2%га көп. Жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15%га көп. Былтыркы тогуз айда 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жараат алгандар 31%га көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер