Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кара июль, кайгылар, “кызыл зонадагы” көргөндөрүм тынчтык бербей...”

“Кара июль, кайгылар, “кызыл зонадагы” көргөндөрүм тынчтык бербей...”

15-февраль, 21:08
1 788 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев пандемия темасына арнап, бир нече сүрөттөрдү тартты. Ал учурдагы өлүмдөр, жоготуулар эми картиналарда. Эмгектердин катарында каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган София-Айдананы көрүүгө болот. “Кызыл зонада” иштеген дарыгерлердин түйшүгүн чагылдырган сүрөтчүнүн өнөрканасына башбактык.

-- Ковид-19ду, кара июлду сүрөттөргө түшүрүпсүз. Чыгармачыл дүйнөңүзгө катуу таасир калтыргандай...

-- Бул эмгектердин жаралган себеби, 2020-жыл өтө эле кыйын жылдардан болду. Ошол кыйынчылыктардын баарына күбө болуп, жонтерибиз менен сезип жаттык. Ковид окуялары мага өтө чоң таасир этти. Жүрөк оорутту. Чыгармаларды жаратууга түрткү болду. Адинай деген кыз каза болуп калды. Бейтаптын өлүмүнө ыйлаган София-Айдана чыгармага түштү. 

Албетте, биздин медицинанын начардыгынан көп адамдар каза болуп, көп жоготуулар болду. Өзгөчө волонтерлор кесиби медик болбосо да чуркап жүрүшүп, ооруп калгандары болуп жатты. Бул сүрөттөрүм медперсоналдарга, волонтерлорго ыраазычылык катары тартылды. Жаш болушса да мекенчилдиктерин, каармандыктарын көрсөтүп, тикесинен тик турушту.  

Көргөзмөгө жаңы социалдык реалитм катары жети сүрөтчү эмгегибизди койдук. Мен онду тартууладым. Ага жалпы беш айдан ашык убакыт короттум. 

-- Эмгектериңизди көрүүчүлөр кандай кабыл алышты?

-- Белгилей кетчү нерсе, бул көргөзмө бир ай убакытка чейин турду. Тыйын жагын каржылап турган “ТOLON MUSEU”, кураторубуз искусство таануучу, культуролог Гамал Бөкөнбаев болду. Эл көп келди. Азыркыга чейин волонтерлордун ата-энелери, искусствону сүйгөн адамдар мага чалып, ыраазычылыктарын билдирип жатышат.

Милициялар, аскер кызматтары эбегейсиз эмгек өтөштү. Алар дагы чалышып, ыраазычылыктарын билдиришип, “мунун уландысы болобу?” деп сурап жатышат. Албетте, уландысы бар. Дагы иштеп жатам. “Чоң көргөзмө ачсам” деген тилегимди жашырбайм. Мамлекет медицинага көбүрөөк көңүл буруп, каза болгондор аз болсо экен...

Июль айында, күн ысып турган учурда мен дагы “кызыл зоналарда” болдум. Моргго кирдим. Жаман илдетти да жугузуп, айыктым. Үй-бүлөм да жеңилирээк ооруп чыкты. 

“Кызыл зонадагы”, өлүкканадагы өз көзүм менен көргөнүм, каза болгондорду целлофанга ороп койгондорунун баары жаныма жай бербеди. Ал кайгылар жандүйнөмөн сызылып чыгып, сүрөттөргө айланды. Азыр дагы өлүмдөр уланып жатат. Адамдар ары-бери агылат... Жашоо уланууда. Баарыбыз сактанып, мындан ары жакшылыктар гана болуп турсун...


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер