Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Токтогазиев: “Өлкө башчынын ниети жакшы, бирок адискөй кадрлардын жетишпегени өкүнүчтүү”

Тилек Токтогазиев: “Өлкө башчынын ниети жакшы, бирок адискөй кадрлардын жетишпегени өкүнүчтүү”

04-апрель, 22:28
1 241 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тилек мырза, убактылуу айыл чарба министри болуп иштеп кеттиң. Баштаган реформаларың учурда уланып жатабы?

-- Айыл чарба министрлигинде реформаларды баштадык. Кээ бир процесстер кайра артка кетпейт. Ошол эле санариптештирүү боюнча аттестацияларды түзүп, алардын ролун көтөрүү иштери жүрөт. Ал иштерди атайын эле тийишип талкалабаса, өзү менен өзү алдыга жылып кете берет. Андан тышкары, айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча концепцияны жазып бергенбиз.   

Өкмөттүн 2021-жылга иш пландарынын баарын даярдап, өткөрүп берип койдук. Кайра ишететүүчү заводдорго басым кылып, 2 миллиарддан ашык сом кайра иштетүүчү заводдорго берилсин (!) деп концепция бекиткенбиз. 

-- Ал концепциянын максаты кандай?

-- Азыркыдай кымбатчылык учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалды. Сырттан келчү продукциялар менен эле жашасак, анда дайыма доллардын өсүшү таасирин тийгизет жана башка өлкөлөрдөн көз каранды болуп турабыз. Эгерде Кыргызстандан өндүрүлгөн продукция болсо, анда баасын дагы көзөмөлдөгөнгө, ылдый түшүргөнгө шарттарыбыз түзүлмөк. Ошон үчүн кайра иштетүүчү заводдорду көбөйтсөк, дыйкандар менен иштешкенге да ыңгайлуу болот. Дыйкандар түшүмүн “каякка сатабыз?” деген маселеге баш оорутпай, заводдорго тапшырып бергендей шарт түзүлүш керек. Айыл чарбанын эң өзөгү – кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү.

-- Өткөн жылдын 6-октябрын эске салсак, жаштар бир топ сүрөп, буйрук болуп, азыркы өлкө башчысын шайладык. Учурдагы өлкө абалы кандай ойго түртүүдө?

-- Жалпы кырдаал боюнча азыр оор. Өлкө башчынын ниети жакшы болсо да, адискөй кадрлар топтолбой жаткандай. Дагы убакыт керек. “Баары жакшы болуп кетсе экен” деп тилеп отурам. Бирок, азыркы командада кээ бир кадрлар каякка жылыш керегин, кандай иш алып барарын көрө албай жатышат. Адискөй эмес. Тармакты билген менен иштин көзүн билбей, деңгээлдери жок болууда. “Инвестиция тартабыз. Жакшы шарт түзүп беребиз” деген убадалар көп. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдардан кысымдар көп болуп, инвестициялык климатты талкалап жатышат. Көп компаниялар бизден кетүү чечимдерин кабыл алышты. Себеби, “жакынкы жылдары эч кандай өзгөрүүлөр болбойт” деген көз карашта болушууда. 

Бизнес – аябай сезгич келет. Ал эң күчтүү индикатор. Ошон үчүн реформаларды жасап калуунун убактысы болот. Ал чектелүү гана убакыт. Ошол чектелүү мерчемдин ичинде өлкө башчысы реформаларды жасай алса, мамлекет өнүгүү жолуна түшөт. 

Элде ишеним пайда болду. Колдоп беришти. Шайлоодон Садыр Жапаров 80% добуш алды. Эми ар бир күн баалуу. Демек, суроо-талап да көбөйө баштайт. Кыска убакыттын ичинде көрүнүктүү өзгөрүүлөр болбосо кыйын эле болот.

-- Экономикалык жактан абалыбыз оор. Кандай ойдосуң?

-- Кымбатчылык заман башталды. Инвесторлор кетсе, салыктар да түшпөйт. Салыктар түшпөсө, пенсия, пособие, айлык акы төлөө оорлошуп баштайт. Ошондуктан эл аралык кызматташууну күчөтүш керек. Мисалы, Россияга барышты. Эң биринчи максат – ал жактан 100 млн. доллар алып келиш керек болчу. Бул мурун эле бекитилген, чечилген сумма эле. Бирок ал каражат берилген жок. Демек, учурда “ай сайын бюджетке акчаны кайдан табабыз?” деген маселе турат. “Кустурабыз” дешкендери бул убактылуу көрүнүш. Ошондуктан 5-10 жылга реформаларды жасап, Кыргызстанга инвестиция тартып келе тургандай кадамдар жасала элек. 

-- Өзүңдүн жакынкы күндөргө кандай пландарың бар? 

-- Азырынча коомдук иштерге көңүл буруп, саясатка аралашпай эле элге кызмат көрсөтүүгө умтулуу пландарым бар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер