Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Апамдын көзү тирүү болгондо бүгүн 45 жашка чыкмак”

Айзуура Иманалиева: “Апамдын көзү тирүү болгондо бүгүн 45 жашка чыкмак”

01-ноябрь, 16:56
902 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу алып баруучу Айзуура Иманалиева жеке Инстаграм баракчасына жазды:

“Бүгүн апамдын көзү тирүү болгондо 45 гана жашка чыкмак. Анын адамда чанда кездешкен кең пейили, ак жүрөгү тууралуу айтып бергим келип турат. Өзүнүн эстелегине дагы ушул айткан сөзүн бастырдык эле… Адамдын канчалык пейили кенен болсо, ошончолук жолу ачык болот! 

Бир күнү үйгө келсем, үстөлүмдүн үстүндөгү турган косметика ж.б. буюмдарым жок. Мамамдан “көргөн жоксузбу?” деп сурасам, “аларды баланча деген эжеге берип салдым. Сага кереги деле жок да” дейт. Үйгө жаңы келген буюмдун өмүрү кыска болчу, айтор. Өзүнүн тагынып жүргөн тагынчактарынан тарта, кийип жүргөн кийимин, ичип жаткан тамагын бере салып баса жүрчү. Булар бир эле чети. Неберелериңиз чоңойсо, аларга сиздин ар бир кыймылыңызды айтып берчү күндөрдү күтөм…”деп Инстаграм баракчасына эскерүүсүн жазды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер