Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сооронбай Жээнбеков алты өлкөнүн Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков алты өлкөнүн Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

09-октябрь, 13:30
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Япония, Гана Республикасы, Испания Королдугу, Молдова Республикасы, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы ар бир Элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент кызматташууну активдештирүү, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө боюнча Элчилердин активдүү ишин кубаттаарын белгиледи.

Япониянын Элчиси — Сигэки Маэда, Гананын Элчиси — Саути Яхья Идди, Испаниянын Элчиси — Давид Артуро Карриедо, Молдованын Элчиси — Андрей Негуца, Шри Ланканын Элчиси — Нурдин Мохаммед Шахед жана Бахрейндин Элчиси Анвар Юсуф Абдулла Аль Абдулла  Кыргыз Республикасынын Президентин Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Аryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер