Данияр Жанузаков: “Кант кызылчасынын үрөндөрүн алып келүүдө кошумча нарк салыгы жоюлду”
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы менен маек.
-- Данияр мырза, кумшекер менен биз мурда өзүбүздү гана эмес, бүткүл Орто Азияны камсыз кылып келгенбиз. Эми болсо башкаларды кой, өзүбүздү кант менен болгону 33 пайызга араң камсыздаганы турабыз. Эмнеликтен ушундай жагдайга туш келдик?
-- 2016-жылдарга чейин кумшекер менен өзүбүздү толук камсыздап келгенбиз. Акыркы жылдары климаттык өзгөрүлөргө (суунун жетишпегендиги, күндүн ысык болгондугу), тийешелүү уруктар аз болгондугуна жана жеке ишкерлер жеңил өсүмдүктөрдү көбүрөөк өстүрүүсүнө байланыштуу болууда. Бирок ошого карабастан айыл чарба министрлиги тарабынан 9 кластердик бирикме түзүлүп, социалдык керектөөчү азык-түлүк продукцияларынын өндүрүшүн көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу максатында 6% насыя менен 10 млрд. сом каралып, “Айыл банк” жана РСК банктарынан кредит аркылуу берилүүдө. Андан сырткары, кант кызылчасынын үрөндөрүн алып келүүдө импорттун кошумча нарк салыгы нөл (0) пайызга түшүрүлдү. Бул жагынан аракеттер токтоп калган жок, алдыга жылыш болот деген ниеттебиз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити