Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүү системасы эң коррупциялашкан тармакка айланды

Билим берүү системасы эң коррупциялашкан тармакка айланды

10-август, 08:30
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин бул жолку пикиримөмүрүмдү жападан-жалгыз коштоп келе жаткан кесибим–билим берүү жана илим иштерижөнүндө болмокчу.Тагыраак айтканда, ал экөөнүн коомубуздагы бүгүнкү күндө түзүлгөн тагдыры жөнүндө. Ачык айтайын, абал оор жана өтө аянычтуу, коркунучтуу!Башында дароо эле белгилеп кетейин,бул кырдаал 34 жылдан бери эле келе жатат.Баардыгыбыздын күнөөбүз бар.Жашыбыздын да, карыбыздын дагы. Билим берүү жана илим системаларын саясаттаноолак кармай албай койдук. Ал экөө тең табияттарынан өз алдынча, эркин жашап-өнүгө турган фундаменталдык түшүнүктөр. Алар эч кандай “жылаңач саясат”менен конъюнктуралык коомдун туундуларыболуулары керек эмес! Бул дүйнөлүк тажрыйба. Билим берүү менен илимдин негизги кыймылдаткыч күчтөрү саналуу эле.Алар: мектепте – окуучу менен мугалим; кесиптик окуу жайларда (башталгыч, орто жана жогорку)– студент менен окутуучу, ал эми илим системасында – чыныгы илим изилдөөчү.Калган субъекттер аларга кызмат кылышат.Тилекке каршы, бизде аталган түшүнүктөр орун алмашып калган.Натыйжада, педагогдорубуз менен илимпоздорубуз демилгесиз, жалтайлама-жалакай болуп кетишти. Авангардга базарды жакшы өздөштүргөн, шылуун, эрте жетилип илимдин кандидаттары жана докторлору болушкан “азаматтар” чыгышты.Билим берүү формалдуулукка айланып, илим изилдөөдө, халтура, плагиат жана жалган илим (“лженаука”) гүлдөп өсө баштады.Акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек, бул кырдаал негизиненКМШ өлкөлөрүндөорун алып келет.Ал эми Чыгыш ЕвропажанаПрибалтика өлкөлөрү менен Грузия –АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттерин туурашып, абалды оңдоп кетишти.

Мени кийинки учурларда Россия Федерациясы, Беларусь, ӨзбекстанжанаКазакстандабилим берүү жана илим жаатында болуп жаткан ири өзгөрүүлөр кубантууда. Алар эки системанын тең укуктук-ченемдик базаларын заманбап кылып түзүштү. Сырттан таңууланган диверсиялык сунуштарды дээрлик түрдө четке кагышты. Окутуунун жана илим изилдөөнүн сапаттарын кескин жогорулатып баратышат.Андай ийгиликтерге саясый эрк менен жетише алышты! Мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон аракеттер болду. Сабаттуу улуттунзарылчылыгын жана күчүн сезе билишти. Жалмаңдап жана жулунуп биртике акчасын көтөрүп алып келишкен чет элдик эмиссарлардын “каалоо-тилектерин”чечкиндүү түрдө четке кагышып, өз моюндарына“чет элдик агент” деген жарлыкты илип коюшту!

Айрыкча Россиядауниверситеттеринеокуу-илим ишканалары статустарын берүү кадамдары реалдуу түрдө ишке ашып, өз мөмөлөрүн тез эле бере баштады.Мисалы,Екатеринбург шаарындагы СССРден бери өз алдынча болуп келе жатканатактуу делинген Урал университети менен Урал политехникалыкинституттун органикалык биригүүсү президент Владимир Путин тарабынанчечкиндүүкадам болду.Натыйжада,Уралда 45 миң студенттер окуганбилим берүү – илим империясыпайда болду.Ал  Федералдык университет болуп аталды. Профессорлук-окутуучулук курам сапат жагынан өстү. Катуу атаандаштык болуп, “окумуштуу болумуштар” иргелип сыртка чыга беришти. Аягында сапаттууу билим алууга ынтызар болуп келген студент утту, жаш илимпозго ыңгайлуу шарт түзүлдү. Ал эми Россияболсо күчтүү илимий-инженердик жана педагогикалык адистерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.Мындай прогрессивдүү саясат Россиянын дээрлик аймактарына тарады.Россиянын жетекчилери бул ийгиликке мамлекеттин баардык интеллектуалдык ресурстарын, тааныш-тууганына карабай, саясый партиялык өнөктөштүктөрүн ылгабай мобилизациялап жетише алышты!Окумуштуулар менен педагогдорго мүнөздүү болгон кээ бир “кежирликтерине” чыдашты, колдошту. Билим берүү жана илим ресурстарын пайдаланып, байлыкка, наамга туйтунууну көздөгөн чиновниктерди катуу жазалашты.РАНга бийлик зордугу мененмүчө болуп кирипалышкан чиновниктерди ырайымсыз түрдө жумуштарынан кууп чыгышты. 

Казакстан дагы көп ойлонбойэлеушул жолго түштү. Заманбап Гумилёв жана Назарбаев атындагы университететтерди курууга жетишишти. Алар өз кезегинде жогорку билим алуу системасынын локомотивдери болушуп, башка университеттерди “мемиреп уктап жаткан абалынан” чыгара алышты.Азыр Казакстанда кескин атаандашуудагы билим берүү иши дүркүрөп өсүп келе жатат. Чаласабат окутуучу менен чалажан ЖОЖдор сыртта калышты. Азыркы заман талабы ушундай. Катуу эрк жана кайрат керек. Жалган иллюзиялар менен ойноо өтө коркунучтуу!

Мен мындай ой жүгүртүүлөрдүакыл-эсим жай абалында, деним сак бойдон эле, өз ыктыярым менен эч кандай саясый оюнсуз берип жатам. Өзүмө көңүл бурдурайын деген оюм жок!Тескерисинче, бизде кийинки учурлар үчүн мүнөздүү болуп калган мазактоолор, жамандоолор ж.б. пендечилик адаттар мага жамгырдай жаарын сезип эле турам.Көнүп деле калдым.Билим берүү жана илим системасын кайтадан түзүү, оңдоо ишине оң таасирин бере турган ойлор, сындар болсо мен баардык азаптарга кайылмын! Кейиштүү абалдар менин оюмча, Кыргызстандынбилим жана илим тармактарында төмөнкүдөй болуп калып калгандай:

1.Баардык окуу мекемелери өзүлөрүнө аба менен суудай керек болгон академиялык эркиндиктен ажырап калышты!

Сунуш:

А) алар саясаттан оолак болуусу керек.Бирок,окуу стандарттары өкмөттүн мыйзамдуу көзөмөлдөрүндө болуусу зарыл. Окутууга укук берген мамлекеттик лицензияныбилим берүү министрлиги колго алып, жооптуу болуусу абзел.Ал эми аттестация же аккредитация системасы көз карандысыз институттун гана элегинен өтүүсү максатка ылайыктуу.Тийешелеш мыйзам 2013-жылы эле кабыл алынып, күчүнө кирген. Улам-улам мыйзамсыз жылдырылып келүүдө. Министрлердин мыйзамды бузуп жургөн жоопкерчиликтерикайда?

Б) окуу стандарттарынын талаптары, анын ичинен улуттук компоненттер, менчиктин баардык түрлөрү үчүн ыйык сакталуусу милдеттүү. Аларды бузуу мамлекеттик мыйзамдарды бузуу катары бааланып, катуу жазалар мыйзам чегинде колдонулуусу зарыл. Окуу стандарттары – мамлекеттик стратегиялык документ экендиги жөнүндөгү түшүнүк ар бир катышуучунун мээсинде кыттай куюлуп калуусу керек!

В)мамлекеттик жана расмий тилдин баардык мектептер үчүн бирдей берилүүсү өтө зарыл.Бул жакшы адатыбыз эч кандай саясый ж.б. оюндарга кириптер болбошу керек. Үчүнчү тил катары англис тилинингана берилүүсү максатка ылайыктуу. Анткени, кээ бир “азамат” мектеп жана ЖОЖ жетекчилери тааныш адамдарына саат берүү үчүн башка тилдерди (айрыкча мектептерде) таңуулап келишүүдө.Бул ээнбаштык! Дүйнө элдери, анын ичинде немец, француз, испан,кытай, япон, корей ж.б улуттар экинчи тил катары англис тилин гана окушат, эркин жазышат.Төгөрөктүн төрт бурчунан жумуш таап иштеп жүрүшөт. Англис тили дүйнөлүк зарыл тил болуп калды.Балдарыбызды түрдүү тилдер менен башаламан кыйнабайлы. Полигилот болгусу келгендер үчүн бүгүн түрдүү коммуникациялар жетиштүү. Бул талап мамлекеттин милдеттүү саясаты болуусу зарыл. 

2.Билим берүү системасын Кыргызстан акыркы жылдары өзүнүн бюджеттик каражатынан колунан келишинче каржылап келе жатат. Жылына 40-50 миллиард сомдор! Бул эң сонун жетишкендиктерибиз!Бирок, ал акчалар эмне үчүн эффективдүү иштебейт? Анын ички коротуу структурасы кандай? 

Сунуш:

Каржы министри менен билим берүү министринин биргелешкен ачык саясаты коомчулукка жарыя кылынышы зарыл.Болбосо бүдөмүк пикирлер болуп келүүдө. Ушундай эле саясат чет жактан келген каражаттар (кредиттер, гранттар ж.б.)жөнүндө дагы билдирилүүсү абзел. Элде ишенич пайда болуп, ачык көзөмөл орун алат. Иш алга жылат.

3. Чет мамлекеттен таңууланган бизге жараксыз, билим берүү программалары көбөйдү. Аны жылуу жерде отуруп алып, көчүрүп жазып, өз чөнтөгү үчүн гана иштеген зыянкеч чиновниктердин армиясы пайда болду.Кыргызстандынменталитети эске алынбай келет. Өмүрүндө мектепте же кесиптик окуу жайларда иштебеген “мите-адистер” министрликтин башчыларын адаштырышып, өз кызыкчылыктарынын жана чет элдик миссионер-кожоюндарынын саясаттарын жүргүзүп келишет. Кыргыз элине кыянаттык кылган псевдодолбоорлор толуп кетти! Андай “адистер” министрликте көп жылдар бою “эмгектенишүүдө”. Баштары чет мамлекеттерге болгон саякатчыл иш сапарларынан чыкпайт. Кыргызстандын мектептери менен иштери жок. Аттары белгилүү!Тилекке каршы, билим берүү академиясынын пайдасы болбоду, же аларды тиги “азаматтар” иштетпей жатышат.

Сунуш:

Катуу саясый эрк менен жогорудагыдай зыянкеч “ишмерлерден” билим берүү системасын тазалоо зарыл.Ачык жана таза конкурстук тандоо жолдору менен адистерди иргеп алуу гана ишти алга жылдырат.Билим берүү системасында бир күн иштебеген “азамат-каръеристтерден” чечкиндүү түрдө кутулуу керек. Билим берүү академиясын реалдуу шартта колдоо максатка ылайык. Алардыокуу китептеринмассалык жазып отуруу жана аларды системага таңуулоо “ооруларынан” арылтуу керек. Окутуунунмазмуну жана усулдугу менен алектендирүү иштерин министр катуу талап кылуусу зарыл. Окуу китебин чиновник менен “жылуу кабинетте”жашаган усулчу сөрөй жазбаш керек.Ал практик мугалим жана реалдуу илим менен алектенип жүргөн окмуштуулардын иши!

4. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларын оптимизациялоо иштери тийешелүү талаптарга ылайык эч кандай аткарылган жок! Тескерисинче,бир нече эле окуу жайларынын лицензиясын тартып алышып, кайрадан башкаларга эбегейсиз сандагы окуу лицензияларын берип салышты.Мисалы, акыркы 5-10 жылдардааттары тирукмушаталган университеттергеминдеген лицензиялар берилген. Эл көрүп турат. Бул эмне? Мыйзамды тоготпогондукпу же көпкөндүкпү?Менимче бул – чоң коррупциялык кылмыш!Мындай көрүнүштөр дагы эле уланып келүүдө!

Сунуш:

Баардык кесиптик окуу жайларга мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду бере берүүчү зыянкеч жана коррупциялуу практиканы токтотууга убакыт жетти. Андай укукту университеттер кандай жолдор менен алып келгендери жакшы белгилүү! Көрмөксөн эле болуп жүрүүдөбүз. Биринчи орунга убагында мыйзам менен бекитилген көз карандысыз аккредитация институту чыгуусу зарыл.Анын жолун торогон башчылар коррупцияны жактагандар. Мына, 11 жылдан бери мыйзам аткарылбай келүүдө.Кол коюлуп бекитилген мыйзамды функционер-чиновниктер элге көз көрүнө наадандык менен аткарбай келе жатышат! 

5. Кыргызстандын илим потенциалы күчтүү! Анда эч кандай шек жок. Аны улуттук илимдер академиясынан жана кээ бир университеттерден көрүүгө болот. Бирок, илим ийгиликтери айрым окумуштуулардын жекече салымдарыменен эле чектелүүдө. Алар болгону жалпы илимпоздордун 3-4%ын эле түзүшөт.Андан калса, так ошолор колдоо таппай келишүүдө. Башкаруунукээ бир өзүн “каймак сезгендер” (баардыгы эмес) ээлеп алышкан.Бюджеттик ж.б. каржылар ошолордун колдорунда.Бул зыянкечтик!Ким бул сынды өзүнө алып, чычаласа атын айтып, коомчулукка пикирин билдирип, дебатка чыкса жакшы болор эле! Илимийдаражалар менен наамдарды ыйгаруу ошол талапкерлер иштеген чөйрөдөн алыстап бара жатат. Илимдин докторлору деген түшүнүк улуттук университет баш болгон жогорку окуу жайларында жек көрүп тилденүүчү (ругательный) түшүнүккө айланды. Дилетанттар менен интригандар демилгени колдоруна алып алышкан.Алар акча жасоо менен гана эле алек!

Сунуш:

Университеттердин көпчүлүгүнөнбилим берүү, илим-өндүрүш комплекси деген статусту талап кылып, аны түзүүгө жетишүүбүз керек. Муну бүгүн Россия менен Казакстан ийгиликтүү ишке ашырып келишүүдө. Биздин билим берүү жана илим системасындагы дилетант жетекчилерибиз али ойлонуша дагы элек.Аш-той, корпоратив, салтанаттар менен эле алектенип жүрүшөт. Илим менен алектенбеген ЖОЖ – бул бүгүнкү замандын саркындысы,жаштардын келечегине балта чапкан зыянкеч “ишканалар”! Улуттук илимдер академиясынын ар бир илимий кызматкери унивеситеттердин профилдик кафедралары менен тыгыз байланышта болушуп, алардын кошумча штатында отурса жакшы болор эле. Анткени, көптөгөн кафедраларда азыр “өрдөк жокто чулдук бий” деген абал. Сабак берип коюу менен эле чектелишүүдө. Өмүрүндө бир илимий макала жазбаган окутуучулар жок эмес.СССРдин “алтын доору” эчак эле бүткөн. Турмушка реалдуу карайлы! Биздин кичинекей республикабызда ар бир окумуштуунун дарамети бири-бирибизге белгилүү. Академиялык илим менен университеттердин максималдык жакындашуусу гана бул тармакты критикалык кесепет абалынан чыгара алат! Илимий даражаларды жана наамдарды “администрациялоо” ишин токтотуу зарыл.Россия менен Казакстандын үлгүсү бизге ылайыктуу! Мен бул ойлорумду 2010-жылдан бери эле активдүү айтып, жазып келе жатам.

6.Бүт дүйнө өлкөлөрү билим берүү-илим-инновация-интеллектуалдык менчикдеген тармактарды бир ведомствонун алкагында карашып, бирдиктүү саясат жүргүзүп келишет. Биз 2012-жылы “жаңы ачылыш” жасап, илим менен инновацияны эки жакка бөлүп жибердик. Кээ бир “ишмерлердин” кызыкчылыктары эске алынды.Мына сага, мамлекеттик мамиле! Жогорку төрт түшүнүктүн кыймылдаткыч күчтөрү чыгармачыл адамдар: мугалим, окмуштуу, ойлоп табуучулар. Алардын табияттары бирдей! Бүт дүйнө айнып калган эмес да. Баардык мамлекеттерде бирдиктүү “Илим жана инновация” мыйзамдары иштейт.

Сунуш:

Илим, инновация жана интеллектуалдык менчик кызматтарын бир ведомствого бириктирип кароо маселеси чечилиш керек.Ошондо гана бирдиктүү саясат жүрүп, натыйжасы реалдуу оң болот. Каржылоо иши мамлекеттик-коомдук фонд аркылуу жүргүзүлүүсү абзел. Негизги критерий, өкмөттүн буюртмасы эске алынган, чыныгы эл чарбасына керектүү долбоорлор аркылуу ишке ашырылышы зарыл. 2014-жылы Жогорку Кеңеште чырылдап жүрүп ошондой илим жана инновация фондун түзүүнү атайын токтом менен өкмөттү милдеттендиргенбиз.Бирок, кээ бир азаматтар ошол кездеги бийлигин пайдаланышып, билим берүү министрлигинин алдында чала фондду чампалай салышып, түзө коюшуп, өздөрү басып жатып алышты. Эмдигиче акчаны өздөрү каалагандай бөлүштүрүп жүрүшөт! Баардыгы жабык, эч ким билбейт. Бул ээнбаштыктытез арада токтотуу керек.Россиядагыдай (мисалы,РФФИ, РФГИ)эле ачык мамлекеттик фонд түзүлсүн. Чет жерден келип жаткан илим жана инновация каржылары кимдин колундаАчыкка чыгаруу зарыл!

Аягында тыянак катары өтө курч сөздөрдүайтууга аргасыз болосуң! Эмесе мындай! Билим берүү системасы “ана оңолот, мына оңолот” деп эле сайрап келе жатабыз. Бирок, тилекке каршы, тескерисинче, жоголуу жолундабыз. Азыр бул система эң коррупциялашкан тармакка айланды. Билим берүү жана илиммекемелеринин жетекчилери жалгандан эле каршы күрөшүмүш болуп жүрүшөт.Бирок, оң жыйынтык чыккан жок! Бир “крутой-азамат” экс-министрлердин бирөөсү 100 000$ менен накта колго түштү эле, эмне адекваттуу жаза алдыбы? Шарттуу түрдө эле жеңил айып пул менен чектелди. Дагы 2-3 экс-министрлер мектеп окуу куралдарын, китептерин чет мамлекеттердин менчик басмаканаларынан чыгартып, каратып туруп эле “коррупцияны гүлдөтүп” жүрүштү! Кээ бир китептердин миңдеген тираждары эмдигиче Кыргызстанга келе элек деп какшап жүрүшөт! Азыр аларды ким эстейт? Чартаңбай тээп эле жүрүшөт! Анан дагы уялбай абаны жаңыртып кыйкыргандарын кантесиң? Борборубуз болгон Бишкектин бир заврайОНОсу ачык эле акча алып жаткан жеринен колго түштү. Анан тынчып эле калды го? Бир университеттин деканы, анын орун басары кечээ эле акча алып колго түштү. Дайындары билинбей кетишти. Мен мектептин директорлору менен завучтарын айтпай эле коёюн. Ал эми ЖОЖдордогу абалчы? Сөз айтып түгөтө албайсың! Эртең менен бирөөсүн кармашса, кечке маал экинчиси пара алып колго түшүпжатат! Бул билим системасындагы мафиоздук структуранын тереңдеп жана тамырлап кеткендигинин айкын белгиси эмеспи? Жердешчилик, тууганчылык белгилер менен түзүлүп калган кафедралар, факультеттер, алтургай университеттер бар экени белгилүү! Анык “эшек жайлоо” деген ушул эмеспи?!

Билим берүү жана илимсистемасында президенттин жана УКМКнын жетекчилеринин курч аракеттерине каршы саботаждар уюштурулууда. ЖОЖдордун санын азайтуу боюнча убагында, б.а. 2005-2006-окуу жылыкатуу чараларды көргөнбүз.Айрыкча юридикалык жана экономикалык багыттар боюнча чаласабат ЖОЖдордун лицензияларынкайтарып алуу үчүн министрликтин коллегиясынын чечимдери кабыл алынган. Бирок, ошол кездеги саткын соттордун азаптарынан канча мээнеттерибиз текке кеткен! Билим берүүнү жана илимди ачык эле жеке коммерцияга айлантып алышкан күчтөр өлкөбүздө ээ-жаа бербей, эч кимге баш ийбей калгандыгы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы! Канча какшасаң дагы, кайра ошол маселеникөтөрүп чыккан адамдарды айыпка жыгып коюп жатышат го?! “Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман” болуп эле келе жатат. Баштан өтпөдүбү?

Бирок абалды кескин жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар! Ал үмүт президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиевдин катуу жана кайраттуу аракеттери менен байланыштуу деп айта алам! Ал үчүн ириде, билим берүү жана илим мекемелеринин башчылары кристаллдай таза болуулары абзел! Бир жолу эле булганган жетекчилерди аталган системаларга жолотпош керек. Анан албетте, министр өзү баш болгон чиновниктер баштарын канжыгага сайып, тазалыктын үлгүсүн көрсөтүп эмгектенүүлөрү зарыл. Азыркы абал ушундай кадамдарды гана талап кылып турат. Ойду-тоону сүйлөп, кээ бир чет өлкөлөрдүн бузуку жолдорун улап, болбогон эле псевдодолбоолор менен алектенген заман эчак өткөн! Билим берүү жана илим тармактарына системалык өзгөртүүлөрдү кийирүү учурдун кечиктирилгис талабы болуп турганын сезе билели!


Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор

6-август, 2024-жыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер