Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө жүзү боюнча 24 миллион адам коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө жүзү боюнча 24 миллион адам коронавирус жуктуруп алды

31-август, 13:39
336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 24 миллион 914 миң 886 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 16 миллион 341 миң 204 бейтап айыгып чыкса, 841 миң 507 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 948 миң 426 адамдан коронавирус аныкталды. 182 миң 752 адам каза болсо, 2 миллион 140 миң 614 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 846 миң 153 адамдан аныкталды. 120 миң 262 адам каза болсо, 3 миллион 199 миң 206 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда3 миллион 463 миң 972 адам вируска кабылган. 62 миң 550 бейтап көз жумса, 2 миллион 648 миң 998 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм жана  коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер