Кытайдан өлкөгө Синафарм вакцинасы келет. Вакцина каттоодон өткөнбү?

18-мартта министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин жетекчилиги астында саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйыны өтүүдө. Анда эмдөө борборунун директору Гүлнара Ишенапысова Кытайдан өлкөгө Синафарм вакцинасы келе тургандыгын айтты.
"Кытай өлкөсү тарабынан 150 миң долларлык келишимдин негизинде эртең, 19-мартта гуманитардык жардам катары Синафарм вакцинасы келет. Бул вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан каттоону күтүп жатат. Биздин адистер белгилегендей, аталган вакцина абдан ыңгайлуу, жакшы вакцина. Министрликтин буйругу менен кызматкерлерибиз окуудан өтүп, биз эмдөө иштерине бир ай мурун эле дайынданып койгонбуз.
Биринчи этапта региондорго эмес, биз анализ-мониторинг кылып алуу үчүн эмдөө пункттары Бишкек, Ош, Кант шаарында, Сокулук айылында ачылат”, - деди Ишенапысова