Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Апам 48 жашта, эми жаш жигит менен сүйлөшүп...
Апам 48 жашта, эми жаш жигит менен сүйлөшүп...
10-май, 19:16
872 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Апам менен атам арактын айынан ажырашып кеткендерине бир жыл болду. Өзүбүз көп бир тууганбыз. Сиңдим экөөбүз мамам менен жашайбыз, калгандарынын өздөрүнүн үй-бүлөсү бар, өздөрүнчө турушат. Апам 48 жашта. Бир жумадан бери мен тааныган 1989-жылкы бала менен сүйлөшүп жатыптыр, билмексен болуп, акырын байкап жүрө бердим. Анан даярданып, шашып кийинип үйдөн чыгып кеткен, “курбума жолугам” деп. Жакшы эле артынан барайын деп, бирок кайра “жаман ойлобоюнчу” деп отуруп калгам. Кечинде келди үйгө, чарчап. Мен “телефонуңузду бериңизчи, бирөөгө чалышым керек эле” десем, келген билдирүүлөрүн өчүрүп анан берди, бирок кечке жанымда карап туруп алды. Анан барып жуунуп келип, жатып калды. Уктап жатканда телефонун алсам, «Жаным, эмне кылып жатасың?» деген СМС келди.
...Эми эмне кылышым керек? Түшкө кирбеген, ойго келбеген нерсе болуп жатат. Эмне ойлошумду билбей жатам, абдан жаман акыбалда турам.
Бөлүшүү:
...Эми эмне кылышым керек? Түшкө кирбеген, ойго келбеген нерсе болуп жатат. Эмне ойлошумду билбей жатам, абдан жаман акыбалда турам.
Эля