“Ыйман Нуру” ашынган радикалдуу исламчылардын партиясыбы?
Таңгалычтуу. “Ыйман Нуру” партиясы да БШКдан каттоодон өтүп, парламенттик шайлоого кызуу даярдыкта баратат. Суроолор жаралууда. Булардын офисинде сакалчандар, баштарына чүпөрөк жамынгандар жүргөнүнө караганда, ашынган радикалдуу исламчылар эмеспи? Өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө иралды улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун камсыздоо үчүн партия түзүшүп, чоң күрөшкө аттанышат. Дегеле дин саясаттан тышкары болушу керек! Анда “Ыйман Нурунун” дымагы, көздөгөнү эмне? Ислам мамлекетин куруу үчүн жандалбастап жатышабы? Шек жаралды го, ыя? Бул партия “Ихлас” курулуш компаниясына таандык экени айтылууда. Ошондо олигархтар Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы аракеттерди былгытып башташкан жокпу? Албетте, мындай соболдорго жооп болушу зарыл!
Aryba.kg