Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун жарашмак”

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун жарашмак”

02-март, 21:35
456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлшаркан Оконовна, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаминерлер, депутаттар жумушка улуттук колориттеги кийим менен келиши керек деген сунушту айтты. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?

-Азыркы мезгилде идеология үчүн өтө катуу күрөш жүрүп жатат. Мамлекетибиздин калкынын дээрлик токсон пайызы мусулмандар. Биздин ата-бабаларыбыз өздөрүнүн улуттук салттуу кийимдерин кийип жүрүп эле ислам динин тутунган. Бирок, биз азыр салттуу динибизди унутуп бараткандайбыз. Акыркы убактарда арабча кийинип, хиджаб да эмес, паранжа жамынгандар пайда болду. Ушул алкактан алып караганда, өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди даңазалоо эң бир жакшы демилге деп айтар элем. Андыктан, мен бул идеяга кошулам. Эркектер деле, аялдар дагы улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун болмок. Биздин дизайнер, модельерлер улуттук колоритти кошуп, азыркы заманбап костюмдарды тигип атышат. Ага карата элдин колдоосу да күч.

-Сиз өзүңүз кийет белеңиз?

-Кийет болчумун. Бир жолу биздин делегация Түркияга барганда өзүбүзчө макулдаштык дагы баарыбыз улуттук кийим менен бардык. Биз залга киргенде эле отургандар “кыргызстандыктар келди” деп аябай жакшы кабыл алышты. Улуттук кийимди бардык жерде урматтап, сыйлашарына ошондо бир ынандык. Андыктан, дагы бир жолу кайталап айткым келет, мен бул идеяны аябай колдойм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер