Максат ажынын саясатта шансы чоңбу?


Раматылык Чубак ажы тирүү кезинде коомчулуктун көңүл борборунан орун алып, өтө популярдуулукка жеткен эле. Аалымдыгы атак жарып, дин менен илимди, чыгармачылыкты катарлаш алып жүргөнү, көпчүлүктүн суроосуна так, даана жооп бергени, юмор аралаш да аудиторияга күлкү тартуулаганы эсибизде. Ал диний радикалдуулукту тыйып, салт-санаага, нарк-насилге да басым жасачу. Учурда анын орду толгус, бирок көч улаган катмар бар.
Албетте, Чубак ажынын үзөңгүлөшүнө, андан кийинки баскычтагы аалымга токтололу. 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн соң, Максат ажы муфтияттын ири суммадагы каражатын убактылуу иштетүүгө, акча айландырууга шектелип, камакка алынган. Тарапташтары, фанаттары дүргүшүп, эртеси жума намаздан кийин чогулушарын, лидерин алып чыгууга бел байлашканын билдире башташкан. Күч органдары абалды анализдеп, эл көтөрүлүп кетүүсүнөн кооптонуштубу, айтор, Максат ажы Токтомушевди токтоосуз камактан бошотуп жиберишкен эле. Айталы, чоң коңгуроо астындагы эркиндик бекен?..
Ал убактылуу абактан кийин мөгдүрөп калган жок. Диний агартуучулук ишмердигин улантып, колдоочуларын ай-жыл өткөн сайын арттырып, Кыргызстандагы таасирдүү персонага айланганы талашсыз. Он, жүз миңдеген көрүүчүлөрү, урматтаган адамдары бар. Баса, май айында түндө жаш балдар пакистандык студенттерге жапырт чабуул жасашып, ур-тепкиге алышып, тоноп кетишкени белгилүү. Жалпы күч структуралары тайсалдашып, чечкиндүү чараларга бара алышкан эмес. Эртеси Максат ажы чыгып, каны кызуу балдарды тынчтыкка, сабырдуулукка чакырып, коомдогу башаламандыкты токтотуу үчүн чакырык жасаган. Көпчүлүк муюп угуп, кандайдыр бир сабак алышты окшойт.
Негизи дин саясаттан тышкары. Конституцияда да мыйзамдык чен-өлчөмү көрсөтүлгөн. Бирок биздеги бийликке умтулгандар башынан эле карапайым калк астынан упай алуу үчүн динди бетке кармашып, намазга жыгылышып, мечит сала коюшуп, кубулма артисттик өнөрлөрүн көрсөтүп келишет. Акыры эл деле түшүнүп, исламдын чыныгы күйөрмандары кимдер экенин билип калышты. Мындай алкакта Максат ажынын аброю зор.
Убакыт өткөн сайын калың катмарда диндешүү, бакытты ушул өңүттөн издегендер көбөйө баштады. Өзгөчө жаштардын басымын да эске алалы. Кыргызстандагы кыбыр эткен кырдаал сырткы күчтөргө маалым эмеспи. Көмүскөдөгү, алыстагы “дирижёрлор” жөн жатпайбы? Дээрлик Борбор Азия өлкөлөрүндө радикалдуу динчилдерге кысымдар көбөйдү. Сакал коюуга, жамынууга, уюмдашууга чектөөлөр киргизилди. Кыргызстанда гана бул жагынан эркиндик бар. Сырттан качып кирген, өзүбүздө да бугуп жаткан экстремисттик уюмдар арбын. ИИМ, УКМК четинен кармап, түгөтө албай келишет. Негизи диний сабаттуулукту арттыруудан, ашынгандарды тизгиндөөдөн кечигип калган жокпузбу?
Соңку байкоолордон улам, Максат ажы бийлик төбөлдөрү менен дос эмес. Камалып чыкса, ачык айтпаганы менен ичинен кастарын тигип, көңүлүнө алып калганбы? Анын популярдуулугу, колдоочуларынын көптүгү ырас. “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бештен бирине ээ болсо керек... Эң кызыгы, Максат ажы Токтомушевдин саясатта шансы чоң болуп атса, мезгили келгенде кадам салбайбы? Же кайсы бир күчтөргө иштеп берип койсочу? Абройлуу молдокелерди башынан эле пайдаланып келишкенин унуттукпу? Бул таризде түйүнү чечилбеген көптөгөн суроолор бар.
“Көлөкөдөгү көп сырларды” чечмелөөдөн алыспыз. Атайын органдардагы адистер иштешсин. Бирок түрдүү диний агымдардын астында кадыресе кооптонуулар жаралууда. Жөнөкөй эле мисал, ушул багытта ИИМдин 10-башкы башкармалыгы алектенет. Бирок алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү, кадрлар аз, штат жетишпейт. Колдору кыска. Анан кантип мамлекеттин туруктуулугун, эртеңки жаркын келечекти ишенимдүү камсыздайбыз? Кантсе да, көзгө көрүнбөгөн жараканы кетирбей, абройлуу ажыларды, билимдүү теологдорду пайдаланып, акыл айттырып, алдын алып, элибиздин бүтүндүгүн сактайлы!
"Азия Ньюс" гезити











