Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө

Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө

10-апрель, 16:37
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте 7-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кызды табууга көмөк көрсөтүүнү суранып, анын апасы арыз менен кайрылды. Айбийке 7-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилери:

Бою 145-150 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө. Чачы сары, узун. Учтары түзсүздөндүрүлгөн. Көзү жашыл түстө.

Кийген кийимдери:

Кара түстөгү жазгы күрмө, кара шым, кара туфли. Рюкзак асынган.

Айбийке Мамбеталиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышка чыгып, кабарлап коюуну милиция өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-880, 0(703) 401-600, ( 707) 304-753 и 102.

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер