Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Талас облусу боюнча бир да оор техника жок...”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Талас облусу боюнча бир да оор техника жок...”

29-апрель, 09:00
319 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, Талас облусундагы кырдаал боюнча эмне айта аласыз?

-Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Талас облусундагы үч айылда: Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылында өзгөчө кырдаал киргизилди. 200гө жакын үй менен короолорду сел каптап, бул орчундуу маселе болуп турат. Ошого карабастан, эл, жергиликтүү бийлик үч күндөн бери колдорунан келишинче аракеттерин кылышууда. Мен учурдан пайдаланып, Жерүй алтын кенине ыраазычылык билдиргим келет. Талас облусу боюнча бир да оор техника жок, Чүйдөн, түштүк облустарынан алдырышчу экен. Ал техникалар келгенче сел карап турмак беле, ошондой кырдаалда алтын кени өздөрүнүн иштеп жаткан техникасын жиберип, жардам берип жатат.

-- Талас тоолуу облус, сел, кар, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын болуу коркунучу дайыма бар. Анан ошого карабастан, техника жок болгону таңкалычтуу экен...

-- Мен ушул боюнча буга чейин да бир нече жолу маселе көтөрүп, техника бөлдүрүүгө аракет жасагам, убадаларын беришкен. Бирок, оор техника бүгүнкү күнгө чейин бара элек экен. Эми ӨКМге, транспорт министрлигине бир оор техника бөлүү, жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү боюнча протоколдук тапшырма бердик. Эртең ӨКМдин маалыматын угабыз, анда да сөзсүз айтабыз.

-- Кечээ комитетте Ататүрк паркы боюнча маселе дагы көтөрүлдү. Сиздин оюңуз боюнча маселени кантип чечсе болот?

-- Юридиканын тилинде мыйзам артка иштебейт деген түшүнүк бар. Аларга учурунда токтом менен жер бөлүнүп, кызыл китеби берилген, Жогорку соттун да чечими бар экен. Эми ошондой нерселерди да эске алыш керек го. Себеби, ал жерде 3 миңдей биздин жарандарыбыз жашап жатышат. Социалдык чыңалууга алып келбеш үчүн мыйзам чегинде иш алпаруу зарыл деп ойлойм. 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер